“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Элетте сүт сатуу кирешелүү каржы булагы

25 Март 2022 жыл 23:03
Көрүүлөрдүн саны: 57

Нарын районундагы Куланак айылы Нарын шаарынан 45 км аралыкта жайгашкан. Учурда 1 л сүттүн баасы 30 сомдон чогултулуп жаткан учур.


Сүт өткөзүп, айына 44 350 сомдой болот

Айыл тургуну Кумаркүл апа сүт багытында уйду саап, аны багуу пайдалуу дейт.
«Биз эми айылда тургандыктан мал чарбасы менен алектенебиз. Жайкысын жайлоого мал багып кетсек, кышкысын колго алып короодо эле кармайбыз. Былтыркы жылдан бери атайын сүт багытындагы уйларды Чүйдөн алып келип багып, сүтүн өткөзө баштадык.

Айыл тургуну Кумаркүл апа

3, 4 жыл болуп баратат Нарынга сүт завод ачылганы атайын айылдын балдары эле кыдырып, сүйлөшүү жолу менен базар баасынан 5, 10 сомго төмөн сүттөрүбүздү эшиктин эле астынан алып кетет. Сүт завод жокто деле сүттөрдү Нарынга каттаган таксилерден берип жиберип сатып турчумун. Анан сүт алына баштагандан бери сапатка өтүү үчүн сүттү уйларды саай баштадык. Учурда күнүнө 56 л сүт өткөзөбүз. Кышында 100л чейин жетип жатты. Мен жалгыз жетишпейм уулум, жолдошум жардамдашат».

Уйлар 2 маал саалат

Уйлар асыл тукум болгондуктан кымбат баада сатып алган.
«Уйдун асылдуулугу тилинде. Канча таптап баксаң ошончо жакшы сүт саалат. Былтыркы жылга салыштырмалуу тоют кымбат болгондуктан уйларыбыз салган акчабызды актай элек. Учурда 1 уйдан 6л сүт саалып жаткан мезгил».

Сүт сатканга караганда сүзмө кылып саткан пайдалуу деген каарманыбыз Куланак айылынын тургуну Тоюнкүл эже.

«Мен дайыма эле саан уй короодо кезде айран уютуп сүзмө куям. Кышкысын сүзмөдөн курут жая албагандыктан сүзмөнү сатып жиберем. Кардар деле издебейм. Себеби уй саагандын баары эле сүтүн өткөрүп жиберишет, ошондуктан айыл тургундары эле алдын ала айтып коюп, дайын болгондо алып кетишет. Бир чогултулган сүзмөнүн салмагы 8, 10 кг чейин барат. Кышкысы майлуу болгондуктан сүзмө жакшы өтөт. Уйларыбыз болсо кыргыз эле уйлар. Сүт аз бергени менен майлуулугу абдан жакшы. Айына 3 200 сом киреше кирип турат 1 уйдан.

Айдай Болотбекова, Санат Жеңишбекова