“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Каникул убагында убакытты туура пайдалануу маанилүү

26 Март 2022 жыл 23:44
Көрүүлөрдүн саны: 57

Февраль айынын башында Куланак жамааттык мультимедиа борбору өзүнө жаңы ыктыярчылар тобун алып, аларды окутууну баштаган. Тренер менен топтогу окуучулардын окуу смендери сүзүшкөндүктөн, тренингдер бир жумада бир гана жолу болчу.


Окуучулар III чейректи аяктап, каникулга тараары менен окуулар 3 же 2 күн сайын болууда. Бул нерсенин натыйжасында, пландалган темалар бардыгы өтүлүп бүтүп, жаңы ыктыярчылар тобу ишке киришти.

Бүгүнкү күндө алар өздөрүнүн эң биринчи макалаларынын жарыялап, иштөөдө.
«Чынында, башында ата — энем тренер жөнүндө ою жакшы эмес эле. Бирок, мен ал жөнүндө айтып бергенде, мендеги өзгөрүүлөрдү, мен эмнелерди үйрөнгөнүмдү көргөндө, алардын ою өзгөрдү»,-деп билдирди атын атагысы келбеген топ мүчөсү.

«Буюрса, пландарда жалпы элдик жыйналышта жаңы топту эл менен тааныштыруу бар. Себеби, мурун аларга барбаган, жаңыдан иштеп жаткан ыктыярчылар барса, аларды мурун эле таанып билип, кайдан келгенин билсе, алардан качпайт. Эл да ыктыярчыларга кадам таштаар эле»,-дейт Куланак жамааттык мультимедиа борборунун редактору Айзат Түмөнбаева.

Ошондой эле, ыктыярчылардын айтымында жакынкы аралыкта ата-энелердин күбөсүндө, окууларды жыйынтыктоо менен алардын өздөрүнүн арасында медиа таймаш өтмөкчү. Ал жакта эки топко бөлүнүшүп, ар бир топ берилген тапшырмаларды индивидуалдуу аткармакчы. Ошондой эле, таймашка атайын интермедия, атаандаштардын тобуна өтүлгөн темалардан суроо даярдай келишет.

Даткайым Орозакунова