“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Мультфильм аркылуу баланы туура тарбиялоого умтулабыз

26 Март 2022 жыл 20:27
Көрүүлөрдүн саны: 84

Бактылуу үй-бүлөнүн сырлары мультфильмдерде да катылган. Аларды талдоо менен караганда гана, үлгү болчу сабактар чыгат.

Башкы каармандар:

Грю-интроверт, эгоист, өзүмчүл адам. Буга бирден бир себеп анын апасынын ага болгон мамилеси. Грю эмне кылса да, анын апасы эч качан ыраазы болчу эмес.

Грю апасы менен

Марго- үч кыздын эң улуусу, ал кичинесинен бөбөктөрүнө жоопкерчилигин алган, ошол себептен үч кыздын арасынан эң жоопкерчиликтүсү. Ал — акылдуу жана сабырдуу.

Марго 3 кыздын улуусу

Эдит- үч кыздын орточосу, ал экстримди абдан жакшы көрөт. Коркуу сезими жок башкача айтканда эч нерседен коркпойт. Өзүнө сак, көп адамга ишене бербейт.

Бул Эдит

Агнес- үч кыздын эң кичүүсү, ал ак көңүл, өзүнө көңүл бурууну талап кылган, аябай эрке кыз.

Агнес

Доктор Нефорио-кызганчаак, эмпатия сезими жок адам, Грю менен жакын дос. Ал Грюга аябай көнүп калганынан, аны башкалардан кызганып, кыжырдана берет.

Грю менен Доктор Нефарио

Грю менен Доктор Нефарио чогуу максат коюшат: Айды кичирейтип жерге алып келүү. Айды кичирейтүүчү аппарат Вектордо гана бар. Вектор- аңкоо, бай адам. Анын бүт байлыгы атасыныкы эле болбосо, так илимде эч нерсе түшүнбөйт.

Анда ал наукада эмне кылып жүрөт десеңиздер, анын атасы уулунун улуу окумуштуу, ойлоп табуучулардын катарын толукташын каалайт.

Бирок, Вектордун каалоосун эч ойлобойт. Айла жок, ал жаман иштерге да барат.
Грю Кичирейтүүчү аппаратты алуу үчүн 3 бир тууган кыздарды багып алат, аларды анча жакшы көрбөсө да, алар максатты ишке ашыруу үчүн керек эле.

Робот печеньелер

Анткени алар Векторго печенье сатышчу. Доктор Нефарио менен Грю печенье түрүндөгү робот жасашат, андан кийин кыздарга ошол печеньени берет. Алар Векторго сатышат. Ошентип алар кичирейтүүчү аппаратты уурдашат.
Жогоруда айтылгандай Грю кыздарды аябай жаман көрчү,

бирок бир нече убакыт өткөндөн кийин ал баары бир ал кыздарды жакшы көрүп калат.

Ага апасы бербеген мээрим, сүйүүнү кыздарга тартуулай баштайт. Кыздар анын аң сезимин ойготушту. Грю адамдар менен баарлашуу деген эмне экенин түшүндү.

Бул мультфильмден эмне алсак болот?
1) Жакындарыңа бир аз болсо да убакыт бөл
2) Жалгыздыкка көнүп алба
3) Кандай кыйынчылык болбосун, максатыңа жет
4) Кичине баланын ата-энесинин мээримин көрүүсү зарыл, бул анын келечекте кандай адам болушуна таасир этет.
5) Барына эмпатия менен мамиле кыл
6) Балаңдын, жакын адамыңдын каалоолорун уга бил

Асема Орозбекова