“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Согуштук онлайн оюндар жана алардын таасири

29 Март 2022 жыл 23:14
Көрүүлөрдүн саны: 224

Учурда коомчулукта талкуу болуп келген онлайн оюндарды ойногон оюнчулардын пикири менен Куланак жамааттык медиа борбору сурамжылоо жүргүздү. Сурамжылоого ар кайсы жаш курактагы айыл тургундары катышты.

Оюндун келип чыгуу тарыхы

Garena Free Fire (Ошондой эле Free Fire Battlegrouds )бул 111dots Studio тарабынан иштелип чыккан жана Garena тарабынан 2017-жылы Android ,IOS платформалары учун жарыяланган мобилдик көп оюнчу менен ойнолуучу онлайн согуштук ройал оюну.

PlayerUnknown’s Battlegrounds (кыскартылышы PUBG, ошондой эле PUBG: Battlegroundsт деп таанылган)- бул көп оюнчу менен ойнолуучу онлайн — оюн, хандык согуш жылдарындагы PUBG Corporation тарабынан иштелип чыккан жана элге тартууланган.

Изилдөөлөр

Бул онлайн мобилдик оюндар айланасында ар башка ойлор көп. Кээ бири психологиялык жактан абдан зыян жана ал адамдарды таш боордукка көндүрөт десе, кээ бири «бул жөн гана оюн жана анда эч кандай коркунуч жок» деген ойдо.
Америкалык медициналык ассоциациялардын маалыматы боюнча, видео оюндар таралган жана изилденген мамлекеттердин педиатрлардын 98% ройал согуш оюндары оюнчуларда агрессияны ойготот деген ишеничте.

Эң масштабдуу жана узак мөөнөткө созулган бул темадагы эксперимент — Эйвон эксперименти. Изилдөө үчүн 1991-1992-жылдары англис Эйвон графында туулган 15 000 адам алынган. Окумуштуулар алгач алар 8-9 жашта ойногон оюндарды эске алышкан, андан соң 5-6 жыл өткөндө алардын агрессиясын ченешкен. Жыйынтыктар кийинкилер: ырайымсыз оюндарды тандагандардын арасында аларда агрессия 19% көбүрөөк байкалган.

Ал эми айыл элинин пикири менен видеодон тааныша аласыз:

Ызат Абакиров, Рамазан Бейшенов, Даткайым Орозакунова