“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Сүрөт баян: Жашыл мурас

8 Апрель 2022 жыл 17:15
Көрүүлөрдүн саны: 294

Нарын районуна караштуу Куланак айылында «Келечекке жашыл мурас» акциясынын биринчи этабы старт алды. Бул акцияда мектептин короосуна 50 ийне жалбырактуу балатылар отургузулду.

8 — апрелде Куланак айылынын эли ынтымакта мектептин астына 50 балаты отургузду. Бул акция жаштардын демилгеси менен вотсап топторуна кетирилген.

Жакшы демилге болгондуктан жалпы эл көтөрүлүп акциянын биринчи этабында эле активдүүлүгүн көрсөттү. Максаты айлана чөйрөнү жашылдандыруу.

Айылдын тургундарына чоң аталырынын аттарынан 1 ден балатынын сатып алышып өз колдору менен чуңкурчасын казышып, үйлөрүнөн кык алып келишип, улуу кичүүсүнө карабай чакалап суу көтөрүп тигип жатышты.

Акцияны колдоп аталарына карагай отургузган инсандарга — айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Муслимовичке, Чынара Өмүровна баштаган мектеп жамаатына, жергиликтүү кенештин депутаттарына, демилгелүү жаштар тобуна уютуруучулар ыраазычылык билдиришти.

«Башта ар бир балатынын жанына табличка илүү пландалган, ага да каражат жумшалат экен. Андыктан баарын эле бир тизме кылып жазып туруп кире беришке илип коюнуу туура көрдүк»,- дейт жергиликтүү кеңештин депутаты Стам Ишенбек уулу.

Балаты алуу үчүн катталып, акчасы төлөнүп жатты 1 балаты келиши менен 1 500с, бийиктиги 1,5 м

План боюнча болжолдогон жерге отургузулган жок, бирок жакшы ниет менен баары мектепке отургузулуп, келечек муун үчүн белек жана 2-этапка иш баштоонун башталышы болду.

Окуучуларда жардамга келишип, ар бир балатынын дарегин жазып беришти

Демилгелүү топтун мүчөлөрү:
Ааза Тилекматова
Иманкулова Эльзада
Кыдыралиева Жазгуль
Капысова Наргиза
Стам Ишенбек уулу
Манас Жанузаков

 

Куланак жамааттык медиа борбору