“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Учкун айылынан 3,5 гектар жер өрттөндү

22 Апрель 2022 жыл 22:51
Көрүүлөрдүн саны: 43

Нарын районуна караштуу Учкун айылында өрт чыккан. Өрт жалпысынан 3,5 га жерди каптап күч түзүм жана элдин жардамы менен өчүрүлдү.

17 — апрелде кечки саат 19 дар чамасында Учкун айылынын түштүк тарабынан Кара Булуң аймагынын чий караган баскан 3,5 га жер өрттөнгөн.

Нарындан өрт өчүргүч команда машинасы келгиче айыл тургундары өрттү токтотконго үлгүрүшкөн. өрт өчүргүч команда машинасы менен келип, суу чачып өрттү толук өчүрүп андан ары жайылышын токтотуп калышкан.

Саат 19 чамасында өрт чыгып, түнкү  12-1 убактысында толук өчүрүлгөн. Адам өмүрүнө, мал жанга жана материалдык чыгым катталган жок.

Куланак жамааттык медиа борбору