“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

27 Апрель 2022 жыл 22:05
Көрүүлөрдүн саны: 55

Нарын районуна караштуу Куланак айылында 5- 6 класстар арасында ата — энелери менен биргеликте сынак өткөрүлдү. Сынакка ар бир класстан 2 ден окуучу жана ата — энеси катышты

Абдылда Аралбаев мектебинде ата — эне менен окуучу ортосундагы байланышты бекемдөө максатта сынактын программасында ата — эне  окуучу менен биргеликте саламдашуу, жомок окуу, китеп жасоо, макал, жаңылмач айтуу жана ыр, бий да коштогон.


«Мектепте ата — эне менен окуучу катышкан сынак көптөн бери боло элек болчу. Атайын программа түзүлүп класс жетекчилерге берилген. Конкурска ар бир ата — эне жоопкерчилик менен катышып беришти. Окуучу үчүн күйгөн ата — энелер берилген тапшырмаларды так аткарып, ийгиликке жетүү үчүн биринен бири калбай кызыгуу менен аткарып берип жатышты. Мектеп менен ата -энелер тыгыз байланышта экени байкалды. Буга чейин көбүнчө коомдук иштерге, концерттерге, жыйналыштарга энелер келген болсо. Мында аталарда активдүүлүгүн көрсөттү.
Жыйынтыгында гранпри ,1,2,3 орундар жана активдүү катышуучулар аныкталып, грамота жана китептер менен сыйланды» — деп толуктады мектептин уюштуруучусу Асел Кыдыралиева

Ал эми көрүүчү болуп келген Кэрез Ибрева

«Иш чара ойдогудан жогору болду десем жаңылбайм, азаматсыңар мектеп жамааты жана ата-энелер».

Рамазан Бейшенбеков