Нарын районунун мектептер арысында жогорку класстар үчүн «Билерман ордо» интеллектуалдык оюну болуп өттү. Интеллектуалдык таймаш Нарын районуна караштуу Кеңеш айылында болду.
Мектеп окуучулар арасындагы интеллектуалдык деңгээлди көтөрүү, тез ой жүгүртүүсүн калыптандыруу, мектептер аралык ынтымакты жана достукту чыңдоо максатында өткөрүлгөн. Тапшырмалар логикалык, улуу ойчулдардын сөздөрү жана предметтик суроолордун турду. Оюн 2 этаптан туруп, жеңүүчүлөр аныкталды.
1-орунду А.Жутакеев мектебинин «Эдельвейс» командасы
2-орунду А.Аралбаев мектебинин «Ак кулан» командасы
3-орунду Ө.Токтосунов мектебинин «Нуртилек» командасы камсыз кылып облустук
деңгээлде өткөрүлүүчү «Билерман ордо» оюнуна катышууга укук алышты.
Оюндун жеңүүчүлөрүн Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, акимдин орун басары А.Орозказиева жана Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Г.Исакова куттуктап, жеңүүчүлөргө баалуу белектерди тапшырышты.
Оюнга мектептин 9,10,11 класстарынын окуучулары катышты.
Ызат Абакиров