26-28 -апрель күндөрү Ысык — Көл областына караштуу Чолпон — Ата шаарында «Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» аттуу, Улуттук балдар инженердик-техникалык «Алтын түйүн» академиясы уюштуруп, 25-жолу өткөрүлүп жаткан эл аралык сынак болуп өттү
Кыргызстандан тышкары Казахстан, Орусия жана башка мамлекеттер активдүү катышты. Сынакка бир гана окуучулар келбестен, студенттер да катышты. Алардын саны 275ке жетип, жалпы 7 номинацияда 30 га жакын калыстар тобу катышуучулардын иштерин карады.
«Жаңы технологиялар» номинациясынын жеңүүчүсү, (I орун) Нарын облусуна караштуу, Жумгал районунун, Түгөл — Сай айылынын, Сейдалы Медетов мектебинин 10-классынын окуучусу Ислам Талантбеков менен маек курдук.
» Бул кароо сынакка 3-жыл катышып жатам. Менин жасаган аппаратым бир гана айыл жергесинде эмес, бүт Кыргызстан боюнча актуалдуу. Ал аркылуу электр тогун да үнөмдөп, жайлоодон деле колдонсо болот», — дейт жаш ойлоп табуучу.
https://youtu.be/S1xiNxNDzwE
Эске сала кетсек, адегенде сынактын райондук туру болуп, андан соң областык кароо болуп, кийин гана эл аралык деңгээлге саналуу гана окуучулар чыккан.
Кароо сынактан кийин «Рух ордо» маданият борборуна бардык катышуучулар барып, жыйынтыктар шоу-концерт менен коштолуп жеңүүчүлөр белгилүү болду
Даткайым Орозакунова