“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Учкун айыл өкмөтү инстаграм баракчасынан түз эфирге чыга баштады

4 Май 2022 жыл 0:47
Көрүүлөрдүн саны: 19

Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Өмүрзаков «kulanak_jamaattyk_media» нын инстаграм баракчасында айыл элине түз эфирден жооп берди. Суроолор вотсаптан жана таркатма кагаз аркылуу чогултулган.

«Ачык өкмөт» долбоору Учкун айыл өкмөтүндө 2 жылдан бери иш алып барып келет. Алгачкы жылы түз эфир фейсбук баракчасында өткөзүлүп келсе бүгүнкү күндө инстаграм баракчасында жүргүзүлүп жатат.

 

Түз эфирдин видео версиясы төмөндөгү шилтемелерде:

 

Айзат Түмөнбаева

Бул материал Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы фонд тарабынан колдоого алынды. Мазмундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.