“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

“Интеллектуалдык менчик кербени” Нарын шаарында

12 Май 2022 жыл 19:57
Көрүүлөрдүн саны: 53

Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттик (Кыргызпатент) жана Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду бир убакта Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарында “Интеллектуалдык менчик кербени” маалыматтык кампаниясын өткөрүүдө.

Ар бир облустан  тренинге райондук балдардын жана жаштардын чыгармачылык борборлорунун жетекчилери, ойлоп табуучулар, авторлор, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, кесиптик лицейлердин, техникумдардын алдыңкы мугалимдери, студенттер, агроөнөр жай комплекстеринин өкүлдөрү, кол өнөрчүлөр, маданият ишмерлери, фермерлер, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү, орто мектептердин окуучулары жана алардын мугалимдери катышты.

Бишкек шаары. Сыйлоо аземинде

11 — майда Нарын шарындагы №7 Матен Сыдыков атындагы орто мектепте  Нарын шаары, Нарын району жана Ак — Талаа райондору үчүн семинар тренинг болуп өттү.
Тренингдин алкагында Интеллектуалдык менчик фонду тарабынан уюштурулган жогорку класстын окуучуларынын республикалык «Келечек жаратманы» олимпиадасынын жеңүүчүлөрү жана балдардын билим алуусуна зор салым кошкон мугалимдер Ардак грамоталар, грамоталар жана сыйлыктар менен сыйланышты.

Ак — Талаа району

2022-жылдын 10-майынан 13-майына чейин Кыргыз Республикасынын илимий-техникалык жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүү жана жайылтуу, ойлоп табуучулук ишти колдоо, автордук жана чектеш укуктарды коргоого жана коргоого көмөк көрсөтүү максатында Нарын районуна караштуу Жекшенбек Мамбетов атындагы орто мектебинин директору Калназарова Алена Төрөбаевна конкурска кантип катышып калганы боюнча төмөндөгүлөргө токтолду.

Ж.Мамбетов мектебинин директору Алёна Калназарова

«Бүгүнкү күндө Кыргызпатент региондорго интеллектуалдык менчик жаатында жана инновацияларды өнүктүрүүдө чоң иштерди алып барып, балдар үчүн роботехника курстарын ачып,жаш муундардын өнүгүүсүнө өзгөчө басым жасап келе жатышат.

Биздин мектепте дагы Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттыруу, заман талабына ылайык билим берүүгө жетишүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигине кайрылуу кат жолдогом.

Катка жооп кылып Кыргыз патент мектепке келечек муунду ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган иш аракетибизди колдоого алып мектеп китепканасынын китеп фондуна мекеменин каржылык колдоосу аркылуу жарык көргөн 300 дөй китептерди белек иретинде беришти. Мындан ары дагы алгылыктуу иштерди бирге алып барууда көмөк көрсөтүлөөрүн баса белгилешти».

Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин мугалими Уулкан Бейшеналиева студенттерди катыштырып келип, алардын жетишкендиктери менен сыймыктанат.

«Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду тарабынан «Келечек жаратманы» республикалык олимпиадасынын жыйынтыгында Байгелүү орундарга ИВТ-21 группасынын студенттери Калыгулов Абай, Нарынбеков Айдар «Cosmo Run: Planet Escape 3311» аталыштагы Android оюнун иштеп чыгып, олимпиада дан 1-орунду камсыздашты.

НМУ мугалими Уулкан Бейшеналиева

С.Нааматов атындагы НМУнун «ЧТ жана КСП » колледжинин студенти Маратбеков Жаныбек диплом менен сыйланды. Мындай конкурстар жаштар, мугалимдер жана ойлоп табуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат экен.

Семинарда катышуучуларга патент алуу жолдорун жана патент менен күбөлүктүн айырмасы боюнча кенен баян болду. Ар бир презентацияда катышуучуларды кызыктырган суроолор болуп, жоопторун алышты.

 

Айзат Түмөнбаева