“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Жаш жеткинчектердин алгачкы сыйлыктары

15 Май 2022 жыл 21:28
Көрүүлөрдүн саны: 120

Ак — Талаа районунда жайгашкан «Азык» социалдык-реабилитациялык борбору 2 жылдан бери иш алып барып келет. Борбордо тарбияланган жаш жеткинчектер алгачкы сыйлыктары менен сыйланышты.

Балдардын билим берүү борборунда ийрим жетекчи болуп эмгектенген жана  бош убактысында мүмкүнчүлүгү чектелген «Азык» социалдык-реабилитациялык борборунда ыктыярчы болуп кызмат көрсөткөн Айзат Орозакунова борбор жана тарбиялануучулар жөнүндө маек курду.

«Ушул борбордо мүмкүнчүлүгү чектелген ар кандай балдар тарбияланышат. 2 жылдан бери ушул борборго барып өз билгенимди колумдан келишинче үйрөтүп келем. Өзүм информатикмин, бирок бул тарбиялануучуларга сүрөт, кол өнөрчүлүк, жаш техник жаатында билим беремин.

Белек тапшыруу аземи

«Азык» социалдык-реаблитациялык борборунда балдар өз алдынча иш жүргүзө албагандыктан коом менен аралаштырып, пикир алышып, өздөрүн дени сак башка балдардай алып жүрүүсүн, тартибин, билимин заманбап техникаларды колдонуу менен сабак өтөмүн. Балдар менен иштешүү чындыгында кыйын… Бирок, бул балдар «өзгөчө»- кыялы, кызыгуусу жогору».

Учурда борбордо 12 тарбиялануучу бар. Алардын 8 борборго келип билим алышат. Алгач борборго келген тарбиялануучуларда коркуу сезими бар экенин баса белгилеп өттү.

«Окуучулар бөтөн киши келсе чочулап турушчу. Тескери көз караш менен карап, качып алардан. Азыр мен буларга сабакка келген кезде эшиктен эле  чуркап келип тосуп алышат. Маанайлары ачык. Окуучулар бири бири менен пикир алышып, коом менен аралышып, көргөн нерсесин жасаганга аракет кылышып, өңдөрдү таанып калышты. Кээ бири сүйлөй албасадагы тартынбай ойлорун кол менен жаңсап билдирүүгө үйрөнүп калышты».

Тарбиячылар  жомок айтып берип,  окуучулар менен бирге ырдап бийлеп, көптөгөн маданий иш- чараларды уюштуруп турушат.

Кыргыз патент уюштурган олимпиадага катышышкан. Бирок жолдун алыстыгынан сыйлоо аземине бара алышкан эмес. Нарын шаарында болгон семинарга Ыктыярчы Айзат Орозакунова катышып, сыйлыктарын жана белектерин бүгүнкү күндө ээлерине жеткирип берген кези.

«Кыргыз патент жөнүндө угуп жүргөнүм бар, бирок мындай олимпиадага быйыл биринчи жолу катышып жатабыз. Атайын «Азык» социалдык-реаблитациялык борборунан балдарды катыштырдым. Алар өз колдорунан жазаган иштерин көрсөтүштү. Конкурса » Менин келечектеги борборум» аттуу борбордун келечектеги макетин, видеоролик кылып жөнөткөнбүз. Жыйынтыгын да диплом, сертификат, обогреватель, термос, балдарга арналган кийимдер жана көптөгөн жомок китептер менен сыйландык. Тарбиялануучулардын биринчи жеңиши болгондуктан тарбиячылардагы ата — энелер да абдан кубанычта болуп жатабыз.  2 жылдан бери окуучуларда чоң жылыштар бар. Окуучуларыбыздын  бири мектепке барганга даярданып жатат. Аракети бар болгондуктан мектеп базасына киргени турат. Бул болсо да биз үчүн чоң жеңиш.

Айзат Түмөнбаева