“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Долбоор:»Эрте нике эселек курактын зомбулугу»

29 Май 2022 жыл 22:56
Көрүүлөрдүн саны: 56

Нарын районуна караштуу Куланак айылында Гендердик маалымат борбору ассоциациясы жана Теңдик нуру демилгесинин колдоосу менен «Эрте нике эселек курактын зомбулугу» долбоорунун алкагында жергиликтүү депутаттар уюштурган дебат оюну өттү


Окуучулардан 4 топ чыгып, 2 топтон бири-бирине каршы чыгышты. Биринчи палата «Ала качуу бул — салт жана туура» деген ойдо болсо, экинчи палата»Ала качуу бул — кылмыш» позициясын кармаган.

Биринчиден эки жактан тең ачуучу өкмөт оюн көрсөттү. Кийин жабуучу өкмөттөр улантты. Бир палатадан «Ала качуудан кийин бактылуу үй — бүлөө кургандардан толтура мисал бар»,-десе, экинчи тарап «Ала качуу бул — кылмыш!»,- деп мыйзамдарга, адамдык укуктарга таянып жатышты.

Узак «дискуссиядан» соң, Феникс командасы I орунду багындырды. Кызыктыруучу белектер берилип, грамоталар менен сыйланышты.


«Мурун дебаттарга кызыкчу эмесмин, азыр көрүп аябай таасирлендим. Буюрса команда түзүп, мен да ойнонуу көздөйм»-деп билдирди атын атагысы келбеген көрүүчү.

https://youtu.be/N9iG8vTSE08
Бул долбоордун алкагында буга чейин «Эрте нике — эселек курактын зомбулугу» аталышындагы семинар тренинг, тегерек стол өткөн. Азыркы учурда
«Зомбулук — жан дүйнөнүн жарасы»(дил баян)
«Зомбулуксуз келечек» (сүрөт) сынагы өтүп жатат. Бул долбоор «Кыз адеби — кымбат» (энелер — кыздар арасындагы мелдеш)спорттук иш чарадан кийин жыйынтыктайт.

 

Даткайым Орозакунова