“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Кесипти туура тандоо — эртеңки сенин келечегиң

29 Май 2022 жыл 22:45
Көрүүлөрдүн саны: 83

Нарын районуна караштуу А.Аралбаев атындагы орто мектепте жылыга жогорку класстын окуучулары үчүн кесип тандоо боюнча тарбиялык сааттар өтүлөт. Жана окуу жайларга экскурсиялар уюштурулат. Быйылкы жылы дагы мүмкүнчүлүктү пайдалануу менен онлайн форматта kulanak_jamaattyk_media  инстаграм баракчасында түз эфир уюштурулду

Аталган мектепте окуучулар келечекте кесип тандоо үчүн атайын багыттагы көптөгөн ийримдер иштеп келет. Мисалга атай кетсек көркөм өнөр, хор, акылдын ачкычы жана онлайн журналистика боюнча каалаган окуучулар үчүн кесиптик ийримдер иштейт.

Ал эми онлайн жолугушуу атайын жогорку класстын окуучулары жана ата — энелер үчүн уюштурулуп, түз эфирдин коноктору Нурила Абдыбекова жана Канышайым Бекенова болду

Нурила Абдыбекова АРИС (коомчулукту өнүктүрүү жана инвестиция агенттиги) кызматкери

Канышайым Бекенова ишкер Happiness компаниясынын кызматкери 

https://www.instagram.com/tv/Cd—qVxJPSt/

https://youtu.be/ft6o86Fld3g

Түз эфирдин катышуучулары келечектин ээлери болгон бүтүрүүчүлөргө ийгиликтерди каалап, кесип тандоодо эң негизги багыттарды айтып беришти. Түз эфирди толугу менен ссылка аркылуу көрсөңүз болот.

Андан тышкары Куланак айылында жайгашкан №86 Жеңишбек Арыпбеков кесиптик лицейине 9 класстын окуучулары кесипке экскурсия кылып келишти

Кесиптик лицейде билим алуу үчүн баардык шарттар түзүлгөн. Алыстан келип окууган студенттер үчүн жатакана, ашканада иштейт. Окуу жайда повар, фермер, фермер айым, тикмечи, машина айдоочу курстары толук кандуу окутуу үчүн баардык шарттары бар.

Айзат Түмөнбаева