“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Биздин жашоо: этсиз,пахтасыз, жер — жемишсиз

19 Июнь 2022 жыл 17:33
Көрүүлөрдүн саны: 161

Азыркы коомдо экологиянын туруктуулугун, өнүгүшүн жана сакталышын жаратылыш өзү сактап жана коргоп тураарын баарыдык эле жаран биле бербейт.  Бирок, адам баласы экологияга зыян келтирип, ошону менен бирге аарынын жаратылыштагы оордун билбейт

Аарылар экологияда абдан чоң ролду ойнойт. Чаңдаштыруу гана аркылуу эко системаны бир калыпта кармап келет. Аарылар байыркы курт кумурскалардын бири. Алар биздин заманга чейин жашап, өздөрү ландшафтка, биосферага ылайыкташып, аларды да өзүнө тууралап алган.

Азыркы күнгө чейин алар жалгыз чаңдаштыруучулар болуп эсептелинет.Бүгүнкү күндө химиялык заттардын, жер семирткичтердин, аарылар чаңдаштыруучу талаалар азайгандыктан жана адамдардын аларга болгон кайдыгер мамиледен азаюуга дуушар болуп келет.


Аарылар толугу менен дүйнө жүзүндө жоголуп кетсе, эмне болот?
Жер -жемишсиз, этсиз жана пахтасыз.

Көптөгөн жер жемиштерди дал ушул аарылар чаңдаштырат. Булар биздин жашообузга кирип калган бадыраң, помидор, картошка. Картошканы өзүбүз отургуза да алсак, урук алуу үчүн аарылар керек. Мындай жол менен картошка деле көпкө узабайт. Цитрус жемиштерин да аарылар чаңдаштырат. Биздин рационубуздан лимон, ананас, апельсин сыяктуу жемиштер кетет. Банандын кичине бөлүгүн жарганат чаңдаштырса да, көп бөлүгүн аарылар чаңдаштырат.


Сапаттуу жана пайдалуу эт алуу үчүн, айбанаттын жакшы жана милдеттүү түрдө тамактанышы зарыл. Аарылардын жоголуусу менен көптөгөн жайыттар жоголот. Эгер, төрт түлүк мал өзүнө керектүү азыктарды албаса, этти жаман берип, кийин такыр деле бере албай калышы мүмкүн. Малдын таза, сапаттуу эти сейрек кездешип калат.


Уй, эчки жана башка сүт берүүчүлөр жакшы азыктанбаса, алардын сүт берүүсү азайып, кийинчерээк такыр эле бербей калат. Демек, дүкөндүн текчелеринен бизге көнүмүш болуп калган айран, йогурт, сыр, быштак, бал муздак, деги эле сүт азыктары жоголот.
Пахтадан жасалган кездемелер өндүрүшүн токтотот. Пахтанын 100% аарылар чаңдаштырат. Пахта жоголсо да, кездеме жасоого өздөрү же шамаал аркылуу чаңдашкан гана өсүмдүктөр, материалдар калат.
Бизде эмне калат? Күрүч, жүгөрү, буудай жана башка аарысыз чаңдашчу өсүмдүктөр калат. Каллорийдин көп бөлүгүн дан азыктарынан алгандыктан, азык жетишпегендиктен азаюуга учурабайбыз. Андай болгон күндө да, цитрус жемиштеринен алган С витамини жоголуп, аларды жасалма витаминдер менен ордун толтурмакпыз. Ошондой эле организмге кальций чоң өлчөмдө азайып, тиштер жана башка сөөктөр алсыздыкка учурайт.

 

Даткайым Орозакунова