“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Эң мыкты класстар аныкталды

27 Июнь 2022 жыл 0:05
Көрүүлөрдүн саны: 62

Нарын районуна караштуу Куланак-Учкун айылдарында окуу жылынын башында «эң мыкты класс» сынагы жарыяланган. Класстарды алардын билим сапатына, коомдук иштерге катышына жана үлгүлүү жүрүм-турумуна карашат

Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Өмүрзаков Эркин  Муслимовичтин демөөрчүлүгү менен  жылдын мыкты классы эксурксияга чыкмак.Окуу жылынын жыйынтыгы менен, Куланак айылындагы А.Аралбаев атындагы орто мектебинен  «эң мыкты класс» наамына 8-а класс татыктуу деп табылды. Ал эми, Учкун айылындагы Эшпай ТОксобаев мектебинен  6-класс алдыга чыкты. Окуучулар эксурксияга Нарын аймагындагы 2 музейге, андан тышкары «Бугу-марал коругуна» 1 күндүк экскурсияга барып кайтышты

Алгач коруктун мекемесинде таанышуу болду. Ал канчанчы жылы ачылган? Кандай максатта ачылган? Кандай иштерди алып барат жана башка окуучуларды кызыктырган суроолорго жооп беришти.


Андан соң, Чыңгыз Айтматов атындагы музейге келишти. Экспонаттар менен таанышып, алардын тарыхын биле алышты.

8 класстын окуучусу Медина Асылбекова: «Биздин класс мыкты деп табылганда кубанычыбыздан эч кимге  карабай катуу кыйкырып  сүйүндүк. Анан ушул белгиленген күндү күтүп, каникулга тарасакта эч жакка кетпей турдук. Баарынан кызыгы Нарын шаарында кыдырчу музейлер көп экени мени абдан кызыктырды. Жаратылыш койнуна ата — энебиз менен чыгып жүргөнүм менен курдаштарың менен чыккан да жакты. Кийинки жылы бул конкурс болсо дагы «мыкты класс» болууну мен эле эмес бүт классташтарым каалап жатат

Музейлерден соң, корукка бет алышты.

Бугу, маралды көрүп, карагай койнунда, таза абада эс алышты. Топ менен ойноп, селкинчек тээп убактысын көңүлдүү өткөрүштү

 

 


«Ушундай сынактардан соң окуучулар мындан да көп аракет кылып, коомдук иштерге активдүү катышып, кандайдыр бир деңгээлде окуучулар үчүн чоң мотивация.

окуучулардын жана коллективдин атынан ыраазычылык билдирем» деп Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин директору Чынара Абдыкадырова билдирди.

Даткайым Орозакунова