“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Түз эфирде айыл өкмөтү жооп берүүнү улантууда

8 Август 2022 жыл 23:25
Көрүүлөрдүн саны: 49

Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүнүн айыл башчысы Эркинбек Омүрзаков «Ачык өкмөт» долбоору алкагында жүрүп жаткан түз эфирде инстаграм баракчасында жооп берди. Эфирге катышкан жана суроо берген айыл тургундарынын саны көбөйүүдө.

Апрель айынан бери түз эфирлерге катышып жаткан Эркин Мүслимович «Ачык өкмөт» долбоору эл менен баарлашуунун эң жөнөкөй жана ыңгайлуу жолу экенин түз эфир учурунда баса белгилеп өттү.

Июль айында өткөрүлгөн эфирге түз суроо берген жарандар көп болуп, эфир аркылуу жоопторун ала алышты. Айыл тургундары айылдын өсүп өнүгүүсүнө кайдыгер эмес экенин, жана айыл чарба иштери, кышка даярдыктар боюнча суроолорду берип, пикир алмашуулар болду.

https://youtu.be/K-FZLiWG6cg

Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой — пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт 

Айзат Түмөнбаева