“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Учкун айыл өкмөтү: Айылдын 30% гана салык төлөө үчүн өз убагында келет

23 Октябрь 2022 жыл 22:39
Көрүүлөрдүн саны: 41

Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүнүн негизги бюджетин айыл тургундарынан чогулган салык түзөт. Учурда 9 айдын жыйынтыгы менен салыктардын көп бөлүгү чогулган.

Ачык өкмөт долбоорунун алкагында түз эфирге Учкун айыл аймагынын, айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча жетектөөчү адиси Саламат Жээналиев катышты. «Салык төлөө үчүн айылдын 30 % өздөрү келет, 30% пайызы эскертүү менен келсе 30% такыр эле келбегендер » — дейт түз эфирдин катышуучусу

Түз эфир учурунда айыл элине салык төлөөнүн мөөнөтүн өткөрбөй төлөө керек экенин баса белгилеп кетти. Себеби 100 сомдук салыктын пениясы көбөйүп кетерин айтат. «Салык төлөмдөрү бүт санариптешкен. Ал малы өтсүн, акчасы болсун деген түшүнүк жок. Автоматтык түрдө эле эсептөөлөр жүрүп. Бул жерде адамдык фактор ойнобойт. Болгону убакыттан уттурбоо керек» — дейт салык кызматкери Саламат Жээналиев

түз эфирди толугу менен төмөндөгү ссылкалардан көрө аласыздар

https://www.instagram.com/tv/Cjz4fnUJnm2/?igshid=MDJmNzVkMjY=

https://youtu.be/uoVeMOGgzv8

Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы фонд тарабынан колдоого алынды.Материалдын мазмунундагы ой пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт

Айзат Түмөнбаева