“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: «Ынтымак» кубогу

5 Ноябрь 2022 жыл 8:53
Көрүүлөрдүн саны: 45

Нарын районуна караштуу Куланак айылында “Ынтымак” кубогу боюнча футбол турнири болуп өттү. Оюнга айылдын жана Бишкек шаарында жашаган Куланак айылынын тургундары катышты.

Оюнга жалпысынан ар башка жаш курак боюнча 9 команда катышып, байге фонду 40 000 сомду түздү. Оюнду Куланак айылынын тургуну Токтобек Мырзаконов уюштурган.

Оюн уюштуруу жөнүндө биздин үй – бүлө 1 жыл мурун эле пландап койдук эле. Атам Кубат Мырзаканов 2013 – жылы өтүп кеткен, куран окутуп эле койбой атайын оюн уюштурдук. Биздин артыбызда өсүп келе жаткан жаш муундардын ынтымагын бекемдөө жана өз ара тааныштыруу да болду. Себеби Бишкек шаарында жашаган Куланак айылынын тургундары шаарда деле оюндарды уюштуруп ойноп келебиз. Ал эми айылда жашаган тургундар деле оюндар уюштурулуп ойнолуп турат экен. Эмнеге чогулуп ойнобойбуз деген ой менен эле бүгүнкү күндө оюн уюштурдук жана атабызга куран окуттук. Улуу муундан бата алсак, оюн ойногондор менен таанышуу жана ынтымакташуу күнү болдук десем жаңылышпайм.

Оюндун эң жаш катышуучусу Улук Абакиров төмөндөгүлөргө токтолду: «Оюн мыкты деңгээлде өтүп жатат. Жаштарды спортко чакыргым келет. Көп оюндар уюштурулуп турса жаман адаттан алыс болушат эле жана район аралык оюндарга катышканга да мүмкүнчүлүк болмок. Эми оюндан баарыбыз эле жеңүүчү болгубуз келип турат. Аны болсо убакыт көрсөтөт экен.
Баш байге 20 000 сом жана “Ынтымак” кубогун 2000 – жылкы туулган оюнчулар, 2 – оорунду 2002 жылы туулган оюнчулар 15 000 сом жана диплом менен, 3 орунду 1980 – жылы туулган оюнчулар 5 000 сом жана грамоталарга ээ болушту. Андан тышкары “Мыкты — дарбазачы”, “Мыкты — чабуулчу” жана “Мыкты — оюнчу” наамдары менен 1000 сомдук акчалай сыйлыктар менен сыйланышты».

Мырзаканов Кубат 1961 – жылы Куланак айылында туулган.Техникумду курулуш жаатын бүтүрүп, жумуш жолун баштаган. Улуттук университетти проректор болуп иштеген, андан соң курулуш жаатында бизнес ачып көп жылдар кызмат өтөгөн. Куланак айылынын тургундарынын эскерүүсү боюнча адам керчиликтүү сапаты жана эмгекчилдиги менен эсибизден кетпейт деп эскеришет. Быйыл тирүү болгондо 61 жашка чыкмак.

Сагын Абдыраимова