“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Бабалар баскан улуу жол: Касымаалы болуш

9 Ноябрь 2022 жыл 16:56
Көрүүлөрдүн саны: 46

Нарын районуна караштуу Куланак айылынын Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде бүгүн 9-ноябрь күнү «Бабалар баскан улуу жол» темасында 7-9-10-11-класстардын окуучуларына класстык саат өтүлдү.

Класстык саатта тарыхка кайрылып, Куланак айылынын кулуну, атагы алыска чыккан Касымаалы болуш тууралуу сөз болду. Анын өмүр таржымалы тууралуу видео ролик көрүшүп, окуучулар өз пикирин ортого салышты.


Касымаалы болуш 1860 — жылы туулган. Үркүндө 900 түтүндү колго алып, Кытайга да өткөн. Бирок, ошол маалда жол билбесе да, чек араны тезирээк кыскартып өтүүнү каалагандар табылбай, ар тарапта калган. Так ошондо анын эли кыйналып, азап тартып жаткандагы жөнүндө түш көрөт. Бул нерсени жакын жолдошу Чоткарага айтып, кайра артка кайтышат.

Түшү анык чыгып, чындап эле эл ошондой абалда экен. «Орус падышачылыгына каршы чыгышкан» ,- дешип, кеңешчиси Чоткараны жана анын жанындагы дагы 3 адамды даргага асууну туура көрүшкөн. Аз гана жашаса да, артынан далай эмгек калтырып, тарых жазган адамдардан болгон.

Меккеге чейин барып, келген соң «ажы» наамына конгон. Медресе, мечиттерди салдырып балдарды окутууга салымы чоң болгон. 300 жыл мурун салынган мейманкалардын дубалдары азыркы убакытка чейин сакталып турат. Ошол каргашалуу күнү даргага асылгандардын Нарын районуна караштуу Арпа, Чойжап жайлоолорунун ортосуна күмбөзгө туура 6 айдан соң сөөктөрү коюлат.

Учурда Куланактагы эң узун көчө Касымаалы ажынын атын алып жүрөт.
«Өзүм туулуп, жашаган жерден чыккан чыгаан инсан менен таанышуу мен үчүн абдан таасирлүү болду. Өзүбүздүн тарыхыбызды билбегенде кимдикин билеби?»-деп билдирди атын атагысы келбеген класстык сааттын катышуучусу.

Даткайым Орозакунова