“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Элдик курултай

9 Ноябрь 2022 жыл 17:54
Көрүүлөрдүн саны: 44

Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүндө «Жергиликтүү курултайга» шайланган делегаттардын жыйынтыктоочу чогулушу болуп өттү.

Чогулуш Абдылда Аралбаев мектебинин жыйындар залында өткөрүлдү.

Учкун айыл аймагынын Кеңешинин «Жергиликтүү курултайды чакыруу жөнүндө 2022 — жылдын 15 — сентябрь №7 токтомунун жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жашаган жерлери боюнча өткрүлгөн чогулуштардын негизинде өттү. Жергиликтүү курултайга шайланган делегаттардын саны 50 болуп, жыйынга катышканы 39 болду.Жергиликтүү курултайдын иши ачык деп жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Гимни коюлду.

Жашы боюнча улуу делегат С.Токтосеитов тарабынан жумушчу топ иштеп чыккан жергиликтүү курултайдын күн тартибине каралуучу масалелер сунушталды.

Учкун айыл аймагынын жергиликтүү курултайдын күн тартибине кирген маселелер боюнча талкуу жүрдү.

Биринчи жаш үй- бүлөлөргө турак жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берип, ага байланышкан трансформациялоо жана башка маселелерди чечип берүү боюнча. Экинчи — республикалык бюджеттин эсебинен Учкун Куланак айылдарына жаңы бала бакча имараттарын куруп берүү боюнча.

Үчүнчү жайытка байланыштуу УДПнын (Узак мөөнөткө пайдаланууга берилген участоктор) мөөнөттөрүн улам созуу эмес, ошол аймактарды ушул мезгилге чейин пайдаланып келген субъектилерге биротоло бекитип берүү боюнча  талкуу жүрүп, ушул маселелер тандалды.

Жергиликтүү курултайдын көпчүлүк добушу менен төмөнкү 2 адам Биринчи Элдик курултайга Куланак айылынан И браева Керез, Учкун айыл аймагынан Макеналиев Туратбек шайланды.

 

Айзат Түмөнбаева