“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Ыктыярчылар быйыл сынак аркылуу алынат

10 Ноябрь 2022 жыл 2:14
Көрүүлөрдүн саны: 325

Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы Куланак жамааттык мультимедиа борбору жыл сайын өз санына жаңы ыктыярчыларды кошуп, кулачын жайып келет. Быйыл жылдагыдан өзгөчөлөнүп, сынактын жыйынтыгы менен гана жамааттык топко кошула алышат. Төмөнкү шилтеме аркылуу каалоочулар анкетаны толтуруп, сынакка катышууга мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Башкы талаптар болуп 7-класстан 11-класска чейин окуучу болуу жана эң башкысы билим алып, иштөөгө каалоо болусу зарыл. Эгер, ыктыярчы 7-классынан ылдый болуп, бирок сынактан көрсөткөн көрсөткүчү жогору болсо, кабыл алышыбыз толук ыктымал.

https://forms.gle/unkwVG4EYjUtdomg8 

Куланак жамааттык мультимедиа борбору 2013-жылдан бери 7-11-класстардан кол астына  ыктыярчы алып, аларга билим берип, алар менен биргеликте иштеп келет. Сен да биздин катарга кошулуп, жамааттык медиага салып кошуп, тарыхка из калтырып кет.

 

Даткайым Орозакунова