“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Soft skills деген эмне жана ал эмне үчүн керек?

12 Ноябрь 2022 жыл 19:22
Көрүүлөрдүн саны: 52

Soft skills же жумшак жөндөмдөр — бул жумуш процессинде жардам берүүчү адистештирилбеген сапаттар. Ал бир гана жумуш учурда керектелбей, деги эле жашообузда чоң маанини ээлейт.

Замандын талабына жараша улам жаңы терминдер пайда болуп, жашообузга жаңылануу кирип турат. Дал ушундай жаңыдан калыптанып келе жаткан түшүнүк «жумшак жөндөмдөр». Биринчиден ага кандай жөндөмдөр кирет?

*адамдар менен тил табыша билүү

*лидерлик сапат

*креативдүүлүк

*эмоцианалдык интеллект

*сын ой жүгүртүү

*топ менен иш алып баруу жана башка.

Бул жана башка жөндөмдөрдү баланын кичине кезинен эле калыптандыруу зарыл. Сизде «кантип» деген суроо пайда болсо төмөндөгү иш-аракеттерди жасай аласыз.

Балаңыз менен ар кай темада дискуссия жүргүзүү аркылуу өз оюн ортого салып, сын пикир кабыл алып жана айтчу сөзүн так, түшүнүктүү жеткирүүнү үйрөтө аласыз. Өзгөчө ийрим жана секцияларга жаздырыңыз. Балдарды бир кызыкчылык бириктиргендиктен мектептен тышкаркы баарлашуу — кызыктуурак.

Учурда жумушка кабыл алууда да бул жөндөмдөргө чоң маани бурушат. Ошол себептен, өзүңө анализ жасап, кайсы жумшак жөндөмдөрүңдү өнүктүрүү зарыл экенин билген соң, алардын үстүнөн иштөө керек. Бизге бул учурда интернет тармагында эркин колдонууга мүмкүнчүлүк берилген атайын тесттер жардам берет. Ошондой эле, так диагностика үчүн психологдун жардамы ашыкча болбойт.