“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Эмдөө иштери башталды

14 Ноябрь 2022 жыл 21:07
Көрүүлөрдүн саны: 51

Нарын районуна караштуу Куланак айылында АПВга эмдөөгө каршы боюнча түшүндүрүү иштери болуп өттү. Жыйынга 11 жаштан 14  жашка чейинки жаш өспүрүм кыздардын апалары келишти.

Абдылда Аралбаев мектебинин жыйындар залында 11 — ноябрда түшүндүрүү иштери жүрүп, медициналык кызматкерлерге ата — энелер тарабынан суроолор берилип жоопторун алышты.

Куланак айылынын №1 Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун башкы дарыгери Сайрабүбү Асанбекова төмөндөгүлөргө токтоду:

Бул эмдөө саламаттыкты сактоо министрлиги жана  билим берүү министрлиги тарабынан колго алынып жатат. Эмдөө күнү кыздарыңыздар ток болуш керек. Эмдөө 14 — ноябрда мектепте өткөзүлөт. Атайын кабинеттер дайындалып, мектептен бир мугалим медициналык кызматкерге жардамдашат. Мугалим болгону окуучулардын келишин жана кетишин көзөмөлгө алат.

14 — ноябрь күнү эмдөө иштери башталды. Бүгүнкү күндө 11 жана 12 жаштагы кыздарды апалары менен биргеликте чакырганбыз. Активдүү келип катышып жатышат. Айрым ата — энелерде коркунуч болуп жатат окшойт, баш итартуу кагаздарын жазып берип жатышат. Биз таңуулап вакцина кылбайбыз. Бирок түшүндүрүү иштери жакшы эле жүрдү. Кээ бир апалар кыздарына жакшынакай түшүндүрүп эле өздөрү кошо келип, эмдөөдөн кийин алып кетип жатышат — дейт №ҮДТ тобунун эмдөө мед айымы Гүлгаакы Акмолдоева.

Менин кызым 6- класста окуйт. Түшүндүрүү жыйналышына келгенде аябай эле пайдалуу экенин угуп кетип, атасына, кызыма  айтсам эмдөөгө келем деп эле биринчилерден болуп кирип чыктык. Дене табын текшерип, анан эмдөөгө уруксат берип жатат.

Эмдөөдөн кийин 20 мин башка кабинетте олтуруп алып кетет экенбиз. Бул да эмдөөнүн тартиби экен. Бардык талаптарды аткардык. Жакшынакай эле кетип бара жатабыз. Баарын эле эмдөөгө чакырмакпыз. Ден соолук үчүн кээ бир дарыларды акчага эле сатып алып жатпайбызбы. Бул болсо биздин келечегибизге кам көрүү деп эле түшүнөм — дейт атын атагысы келбеген каарман.

Айзат Түмөнбаева