“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Окуучулардын алыс жолдогу азабы

16 Ноябрь 2022 жыл 23:01
Көрүүлөрдүн саны: 53

Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы А.Аралбаев атындагы орто мектеби айылдын так ортосунда жайгашкан. Айылдын узундугу 3, 5 км болсо, айылга чейинки тургундар жашаган чөлкөмдөрдүн аралыктары мектепке чейин 7 км түзөт. Аралыкка карабай сабакка жөө барган окуучуларда бар.

Мектептеги ийримдерге катыша албайм
«Мен мектепке баруу үчүн таңкы 6 да турам. Жолдун алыстыгы жөө басканда 1 саат убакытты талап кылат. Жолдун боюнда болсок дагы эртең менен эрте машина каттамы жок. Сабак 8 де башталат. Ал эми таксисттер 8 ден кийин чыгышат. Андыктан мектепке күнүгө жөө келем. Түштөн кийинки кошумча сабактарга катышууга мүмкүнчүлүгүм жок болуп калат. Консультацияга чакырганда убакыт тар болгондуктан, түшкү тамактанууга барбай эле мектепте калам. Сарайдан мени менен чогуу 10 окуучу эртең менен келет. Бизден алыс жашаган окуучулар да бар. Эгер кеч туруп калсам, сабакка барбай эле калып калып жатам. Мектепте көп ийримдер бар үйдүн алыстыгынан бирине да катышпайм» – дейт 9 класстын окуучусу Айтурган Арипова.

Айтурган Арипова 10 сарай чөлкөмүнөн 2,5 км жолду басып өтөт. Айылга кирген мезгилде мектепке барчу окуучулар жолго чыга элек  болот. Кышкысын таң сүрө элек мезгил.

Сабактан калып калышса кейишет
Ал эми Таласбай чөлкөмүнүн жашоочусу Жыпар айымдын 4 баласы бар. Алардын 3 баласы мектепте окуса, быйылкы күз менен кенжеси да даярдоого камданып жаткан мезгили.
«Мектеп менен биз жашаган аймактын аралыгы жөө баскан адамга 2 сааттык жол. Кыштын күнү балдарыбызга убал эле. Суукта жол тосуп бир топко чейин турушат. Кечинде келе жатканда сарсанаа болобуз. Кандай машинага түшүштү болду экен деп. Кыштын күнү күн кыска болгондуктан караңгыда тарап калышат. Эшиктин суугунан балдарыбыз көп оорушат. Эгер жол чыкпай калганда сабактан калып калышса аябай кейишкенин көрөсүң. Жол тосуп барышса дагы 1 саатка эрте чыгып алышат. Кечигип калганча эрте мектептин астына барып турганыбыз жакшы деп эрте камынып чыгып кетишет. Тараганда болсо көбүнчөсү жөө келишет. Анткени ал учурда чыккан унаанын баары эле ичи толтура болот. Ал эми Ак – Талаа, Баетов, Пионер айылдарынын маршруткалары салып кетип турушат. Аларды көргөндө кадимкидей бала эмес кээде мен деле кубанам. Түшкөндө көрөсүң алардын ичи деле толтура болот, бирок ага карабастан салып кетишет».
Бул чөлкөмдө 4 түтүн жашайт. Алардын мектеп курагындагы балдары дайыма жол тосуп барып келип турушат.

Окуучунун шартына түшүнөбүз

«Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде 506 окуучу окуйт. Алардын 38 окуучусу алыс аралыктан бүгүнкү күндө келип окушат. Сарайларга малдарды колго алган мезгилде ата — энесинин жанына кеч күздөн малдар жайлоого кеткичекти барган үй- бүлөлөр да болот. Алардын балдары да кошулат. Мектеп алыс жакта окуган окуучуларды кечинде, акыркы сабакта уруксат суранса предметтик мугалимдер кетире беришет. Ал эми эртең менен кышкысын 1 — сменди 8:30 да окутат. Бул да болсо алыс аралыкта жашаган окуучуларга бир аз да болсо каралашуу максатында түзүлгөн шарттар», —  дейт аталган мектептин соцпедагогу Назбек кызы Жээнкүл.

Кыйынчылыктарды айыл жаштары көргөн
Ал эми жалпы Нарын району боюнча: 34 мектеп, 9769 окуучу бар. 34 мектептин ичинен 5 мектеп бул көйгөйдү чечип, 214 окуучу мектепке авто унаа менен барышат.

Өмүр Токтосунов орто мектебине 8 км алыс аралыктан келип окуган окуучулар бар. Ал жерде Актан чөлкөмү жайгашкан, 34 окуучу барып келип окушат. 2018 – жылга чейин үйлөрү алыс окуучулар айылдагы туугандарыныкында, кээ бирлери машина менен деле ташып келишкен. Ушул кыйынчылыктарды айыл жаштары көрүп, Бектемиров Абас, Алсеитов Улан, Ибраимакун уулу Жаныш, Медер аттуу айыл жаштары уюмунун башында туруп, бардыгы түп көтөрүлө акча чогултушуп, мектепте иштеген мугалимдер да кошулуп, 2018 – жылы жаңы жылга белек кылган микроавтобус бар.

«Автоунаанын күйүүчү майын жергиликтүү бюджеттен чечилген, ал эми айдоочунун айлык акысы Билим берүү министрлиги тарабынан бухгалтерия чечип берди. Кичи автобустун баасы 350 000 сомго алынган» – дейт Өмүр Токтосунов мектебинин директору Назгүл Кадырова.

Айзат Түмөнбаева