“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Диний экстремизмге каршы демилге

16 Ноябрь 2022 жыл 1:13
Көрүүлөрдүн саны: 46

Нарын районуна караштуу Куланак айылында 15-ноябрь күнү диний экстремизмге каршы Нарын районунун ички иштер бөлүмүнөн кызматкерлер келип, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ал жакта 7-11-класстардын окуучулары жана класс жеткечилер, тарбия завуч, соц.педагог катышты.

Диний экстремизмге эмнелер кирет, аларды кантип аныктоо керек, анын туудурган коркунучу жана кесепеттери жөнүндө маалымат берилди. Ошону менен бирге эле окуучуларды медиа сабаттуу болуп, ар кайсы такталбаган маалымат менен бөлүшүп, «жакты» белгисин койбоого чакырышты. Окуучулар өз оюн ортого салып, дискуссия жүрүп, суроо — жооп иретинде болуп жатты.

«Чындап маанилүү маалымат берилди. Диний эскстремизмге каршы дагы да тереңдетилге иш-чараларды уюштурса болчудай»-, деп билдирди атын атагысы келбеген окуучу.

Жыйында жылына окуу жылынын башынан аягына чейин айтылчу эскертмелер кайталанды. Мектептин ич ара тартиби тууралуу сөз болду. Куланак айылынын тартибин караган милиционер мектеп парламент  жана «милициянын жаш жардамчылары» менен иш алып барарын баса белгилеп өттү.

Диний экстремизмге каршы түшүндүрүү иштери Нарын районунун айылдарында 14-ноябрдан 17-ноябрга чейин жүрмөкчү.

 

Даткайым Орозакунова