Санарип аймак ишке киргени алып, сатуу кыймылдарынын баары бир системага кирип, маалымдама алуу үчүн бодо малдар идентификациядан өтүүлөрү керек. Ийри мүйүздүү бодо малдар бирка номерлери менен болсо, жылкылар чиптелүүдө.
Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтү боюнча жалпы 4520 баш жылкы каттоодо. Мунун ичинен Куланак айылында 2203, Учкун айылында 2317 баш. Жылкыларды идентификациядан өткөрүү бул мамлекеттин талабы. Азыр баардык нерсе жалпы база аркылуу жүргүзүлүп калды, ошол себептүү мурункудай чарба китеп менен эмес болгон мал базага кириш керек. Мындан 4-5 жыл мурун ийри мүйүздүү малдарга бирка басылган, кийин улам туулган төлүнө басылып келүүдө. Ошол сыяктуу эле жылкынын чиби да толук басылып, кийин төлүнө басылып туруш керек. Жылкыларга чип басылбаса базарга сатууга , башка жактарга жүктөп барганга уруксат жок.
Азыркы убакта биздин айыл өкмөт боюнча 3000 баш жылкы идентификациядан өттү. Ушуну айыл эли туура түшүнүп эрте эле чиптен өткөрүп коюшса жакшы болот эле. Эртең базар деген күнү кээде караңгыга чейин да иштегенге туура келет. Кээ бирлери түшүнгүлөрү келбей эле «Мурункудай эле өң түсүнө карап маалымдама жазып бербейсиңер» дегендери да болот, — дейт айыл өкмөтүнүн вет адиси Айзада Токказиева.
Ал эми мал сатканга справкалар 100 сомдон. Чип бастыруунун баасы ар бир жандыкка 150 сомдон. Справкаларды жеке менчик вет сервистер ( ветеринарлар) берет. Малдардын биркасын, чибин дагы ошолор басат. Мамлекетке төкчү акчасын төгүп, калган пайызы, справканын акчасы ветеринардын эмгек акысы болуп саналат.
Учкун айыл аймагынын ветеринарынын функционалдык милдетине жалпы көзөмөл, вакциналарды алып келип берүү, алардын сайылгандарын чыгыштап отчет берүү. Айлык, кварталдык, жылдык отчетторду түзүү. Мындан тышкары администрациядан, жогорку жактан келген каттарга жооп берип өз убагында маалымат берүү. Эпизоотиялык абалды көзөмөлдөө. Эгерде жугуштуу ылаң чыгып эпизоотиялык абал курчуса тезинен райондук вет башкармалыкка билдирип, мобилдик группа чакыруу. Бул менен эле чектелбестен бизде вет сервистер аз болгондугуна байланыштуу, мен өзүм такай алар менен бирдикте эмдөөлөрдө, чип, бирка басууда чогуу иштеп жүрөбүз. Басылган бирка, чиптер жалпы бирдиктүү базага киргизилет.
Айыл тургуну Талантбек Орозакунов төмөндөгүлөргө токтолду:
«Жылкыларды чиптөө былтыркы жылы сентябрь айында эле башталган. Мен ошондо эле бүт чиптөөдөн өткөзгөм. Быйыл болсо түшкөн эле төлүн короодон эле ветеринарды алып келип чиптетип алдым. Улам сатчуну же керектөөчү малды жетелеп келбей эле баарын бир өткөзүп коюп, кийинки жылы төлүн чиптетип турса эле жеңил эле болот экен».
Айзат Түмөнбаева