“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Кыргызстанда 7-ноябрь тарых күнү, 8-ноябрда Ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленет

23 Ноябрь 2022 жыл 23:47
Көрүүлөрдүн саны: 80

Өлкө жетекчилери 7-ноябрда Бишкектин четиндеги «Ата-Бейит» комплексине барып, 1916-жылдагы Үркүн окуясынын, репрессия курмандыктарынын, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жана 7-апрель баатырларынын кабырына гүл коюп, куран окутууну адатка айландырган. Ошондой эле жогорку окуу жайларда орто мектептерде иш-чаралар өткөрүлүп келет. Нарын районуна караштуу Куланак айылында А.Аралбаев атындагы орто мектебинин 8-класстар линейка өткөрүп ,мугалимдер 7-8-ноябрга карата класстык саат дил баян линейка уюштурушуп, ал жактан көптөгөн маалыматтар менен бөлүшүштү .Бул линейкага 7-11-класстар катышышты көптөгөн пайдалуу маалымат алышты кыргыз алфавитине салымы чоң Касым Тыныстанов, ишмер Исхак Раззаков аттуу атагы чыккан улуу инсандарыбыздын өмүр таржымалы тууралуу бөлүшүштү .
«Бул убакка чейин Ата — Бейитке баргандыктан кайра башыман өткөн сар санаа, ар ойлор кайталанды. Кандай гана чыгаан адамдар репрессияга алынганын угуп, көзүмөн жаш тегеренди. Бирок, бул тарых жана аны өзгөртө албайт экенсиң «-деп билдирди 9-а классынын окуучусу Орозакунова Даткайым



Октябрь революциясынын күнүнүн ордуна жаңы майрамды негиздөө боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылы мыйзам долбоорун сунуш кылып, парламент колдогон.

Бул күндөр тарыхты изилдөөнү жакшыртуу жана куугунтук курмандыктарын эскерип, өткөндөн сабак алуу үчүн жарыяланган.

Айдана Капарова