“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Спортчу: Айсулуу Тыныбековадан шыктанып машыга баштагам

25 Декабрь 2022 жыл 22:54
Көрүүлөрдүн саны: 44

Нарын районуна караштуу Абдылда Аралбаев мектебинде 25 окуучу эркин күрөш менен машыгышат. Алардын арасында Адеми Жумагулова да бар. Ал аталган мектептин 8- классынын окуучусу. Машыгууга 4- класс кезинде өзүнүн каалоосу менен келген. Ал Айсулуу Тыныбековага шыктанып, ошондой болууну самайт.


Мен эркин күрөш менен машыгам. Мурун биздин үй-бүлөдө жалаң кыздар болгондуктан, эжемди сиңдилеримди коргойун деп анан Айсулуу Тыныбекова дагы түрткү болгон.

 

 

Даткайым Орозакунова