“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Элеттиктерге буюм алуунун жаңы жолун сунуштаган ишкер айым

28 Декабрь 2022 жыл 23:02
Көрүүлөрдүн саны: 45

Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну Назира Кыдыралиева айылда “Таңгабийке — Бердике” балабакчасынын тарбиячысы жана жергиликтүү кеңештин депутаты. Ал айылдагы жумушсуз кыз-келиндерди чогултуп, кызга сеп даярдоону үйрөтүп, буйрутмаларды алып иштей баштаган. Учурда Назиранын демилгеси менен айыл тургундары жеңилдетилген тартипте жууркан-төшөктөргө ээ боло алышат.

Каалоочулар атайын түзүлгөн ватсап топторго кошулуп, “Алтын касса” аталышындагы оюндун мүчөсү боло алат. Шартка ылайык айына 1000 сомдон төлөм жүргүзүп кезек менен буюмдарга ээ болот. Назира айымга алгач бул ой пандемия учурунда жөн гана айылдашына сеп үчүн жууркан төшөк тандоого барганда келген. Себеби ал учурда базарда тандоо үчүн сепке ылайыктуу жууркан төшөктөрдүн түрү өтө аз болгон.

Кардарлар куралган жер төшөктү баалашарын баса белгилейт. Эмгекти да көп талап кылат. Баасы да ошого жараша болот дейт каарманыбыз Назира эже

“Айылдашым эже сизге эле ишенем, кыска аралык болуп калды, материалдарын чогуу тандап эле бүтүрүп берпейсизби деп калды. Анан жумушка келип, жаныма чогуу иштегенге шыгы бар кыз келиндер менен бүтүрүп бердим. Биринчи кардарым сапатына, убагында бүтүрүп бергениме ыраазы болуп кеткенден кийин, иштесе болот экен деп калдым”.
Ошол күндөн баштап айыл ичинде буйрутмалар түшө баштайт. Айылдын кыз келиндерин чогултуп, кызыккандарга үйрөтүп, чогуу иштегенге 10 кыз келинди чакырат. Вотсаптагы 1 топто 12 кардар болот, айына 1000 сомдон беришип, өздөрүнүн кезеги келгенде буюмдарын алып турушат. Учурда 23 топтун мүчөлөрү каалаган жууркан төшөктөрүн алып жаткан учурлары.

Жер төшөктөрдүн оюлары атайын Бишкектен лазер менен оюлуп келет. Алгач оюларды өздөрү колго оюшкан. Себеби лазер бар экенин билишкен эмес

Кээде айына 40 буйрутмага чейин да алып жаттык.Сеп бергендерге атайын жеңилдиктерди бергенбиз, кезеги келе элек болсо дагы, ошол айымга буйрутманы биринчи беришет. Анан сепке ылайыктуу көшөгө, терезе пардо, шейшеп, жаздык каптары менен жана сандыктары да бар. Кандай буйрутма кылышса, ошонун баарын аткарып берүүгө баардык шарттарды түзүп келе жатабыз.
Назира Кыдыралиева жергиликтүү кеңешке депутаттыкка талапкерлигин коюп жатканда эң биринчи максаттарынын бири айыл жергесинде жумушсуздукту жоюуну максат кылганын баса белгилейт. Буйрутма көп болгондо тигүүчүлөр иштегендерине жараша орто эсеп менен 15 000 сомго чейин алышат. Назира өзү бычып, тигип берет. Чогуу иштешкендери үйлөрүнөн эле көктөп берип турушат.
Бала кезинен эле оюу чиймеге жакын болгондуктан уузчулукту колго алгысы келет.

Даяр 1 кишилик жууркандар

— Чоң энем да абдан иштүү адам эле. Дайыма шырдак кармачу. Анын жасагандарына жардамдашып жүрүп эле бала кезимден оюу чиймеге жакынмын. Жакында эле Бишкек шаарына барып шырдак боюнча семинар – тренингке катышып келдим. Алар деген кыргызстан боюнча шырдактарды жасашып, чет өлкөлөргө экспорттошот экен, айылдагы айымдарды издеп жатышыптыр. Ал жерге Алайдан Жумгалдан, Суусамырдан, Көлдөн, Ат – Башыдан келишиптир. Жалпы 30 катышуучу болдук. Эми жууркан төшөк менен бирге шырдак жасоону дагы колго алайын деп турам.
Ишкер айымды колдоп турган үй – бүлөсү жана жолдошу. Жолдошу Руслан менен биргеликте материалдарды шаардан алып келишип, бычып, товарларды тигүүчүлөргө жана кардарларга жеткирип турушат.
— Алгач иш баштардын астында Руслан менен кеңешип, насыя алдык. Буйрутмалар көбөйө баштаганда атайын ишке карап, үстү жабык машина алдык. Руслан мага бычканга жардам беришет. Жууркандардын кебездерин таразага тартып берип турат. Жаздыкчалардын ичин толтурганды да абдан жакшы өздөштүрүп алды. Антпесе мен жалгыз жетишпейт элем. Мени карап туруп эле өзүнүн колунан эмне келсе ошол иштерди аткарып турат. Буйрутмаларды көктөтүү үчүн кыздарга жеткизип берип, кайра алып келип берет. Товар тандаганда жолдошумдун пикирин угам. Анткени буйрутма бергени келгенде үй оокаты алынып жаткандыктан жолдоштору менен бирге келишип, бирге тандашат. Ошол кезде Руслан тандап келген товарларга да басым жасалып калат. Үй тиричилигине керектүү буюм тайымдар болгондуктан айымдар ойногону менен жолдоштору да абдан кызыкдар. Атайын жолдоштору чалышып кассанын акчаларын которушат, келип төлөп кетишет, убагынан кечигип төгө албай жатышса чалып, “Менин аялымды чийип салбаңыз, төлөйбүз” – деп кошо аракет кылышса аябай эле пайдалуу иш экен деп калам.

 

Айзат Түмөнбаева