“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Учкунда айыл өкмөттүн балансына өтүп кеткен жер маселелери

28 Декабрь 2022 жыл 22:40
Көрүүлөрдүн саны: 81

Республика боюнча “Санарип аймакка” өтө баштаганы документ алууда турак жайлардын кызыл китеби бар болуу замандын талабы болууда. Паспорт алууда же болбосо баланы мектепке киргизүүдө ар бир жаран жашап жаткан дареги боюнча так маалымат жана турак жайдын кызыл китеби менен гана документтик иштер толук бүтүрүлүп жаткан учур.


«Нарын районундагы Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Куланак жана Учкун айылдарында 380 ден 400 кө чейинки адамдардын турак жайларынын документтери толук эмес. Буларды мыйзамсыз басып алгандар деп айтууга болбойт.1990 – 1992 – жылдарда архитектура тарабынан кесилип берилген жерлер. Жалпысы 136 гектар жер. Аларда азыр 400 дөй айыл тургундары жашап жатышат», — дейт Учкун айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча башкы адсис Майрамбек Бусурманкулов.

Балдарга паспорт алыш керек болгондо үйдүн документин эстедик
Жаңы конушта жашаган тургундардын дээрлигинин кызыл китептери бүткөн эмес. Себеби буга айыл тургундарынын айтымында документ бүтүрүү керектигине маани беришпегендигинде. Качан гана балдарына документ алууда эң керектигин түшүнүшкөн.
Учурда башка аймакта иштегенине байланыштуу адвокатка кайрылып огороддун документин бүтүрүп жаткан айыл тургуну төмөндөгүлөргө токтолду.
1991 – жылдары алынган. Ал кезде документ менен иштери жок, болду, бүттү деп жүрүшкөн. Кийин эле балдардын паспортун жердин документине такап койгондугу үчүн эле үйдүн документтерин тууралап баштабадыкбы. Атам менен атамдын иниси ал жерди бизге берген. Ушул жердин документин бүтүрүп алгыла деп. Канча жыл тамдын документи менен ишибиз жок жүрдүк. Балдар чоңоюп, балдардын документин бүтүрөлү деп 5 жыл мурун баштадык эле. Бирок трансформация болбогонуна байланыштуу токтоп калганбыз. Себеби бул жер айыл өкмөттүн балансында экен. Бир кезде кантордо документтер өрттөлүп кеткен дейт. Ошол кезде чыккан токтомдор жоголсо керек. Ошого байланыштуу кийин 2000 – жылдары эле кайра жаңы токтом чыгарышыптыр. Анан айылдан комиссия түзүлүп, кыдырып, бул мунун жери, бул мунун жери деп ар кимдикин билгендер белгилеп, биз тоодо жүргөндүктөн бул тамдын эч кандай ээси жок, бул киши өлүп калган деген мааниде ал кезде айыл өкмөт болуп иштеген, комиссия мүчөлөрүнөн азыр эч кимиси жок. Анан огород айыл өкмөттүн балансына өтүп кеткен окшойт (менин түшүнүгүм боюнча) — дейт

Өзүбүздүн жер үчүн да кайдыгерлик кылат экенбиз
Куланак айылындагы Таштанбек көчөсүнүн аягында жайгашкан аймактын тургундарынын үйлөрүнүн документтери дээрлик толук эмес. Жашап жаткан үйлөрүн мамкаттоодон тактаткан учурда гана көп түйшүк экенин түшүнүшүп, баардыгы биргелешип жергиликтүү кеңештин депутаты Назгүл Саадакеевага кайрылышкан. Себеби, Назгүл кесиби боюнча юрист.

Тургундар Нарын шаарына барып арыз жазып жаткан кездери

Биздин үй 1992 – жылы, улуу уулум 6 айлык кезинде келип жашай баштаганбыз. Ошол кезде бул жерде биздикин кошкондо 3 түтүн эле жашачубуз. Анда биз огород алдык деп эле жүрө бериптирбиз. Кээ бир огороддордун токтомдору жок. Кээ биринин токтомдору бар. Биз документ топтогондо айылдын жер адисине бири барып, бири барбай жүрө бергенибизде жергиликтүү кеңештин депутаты Назгүл Саадакеева чогултту.
Ал бизге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, трансформация болуп жатат, жол жоболорун билейин деп бизге айтты. Ал баарыбызды айыл өкмөттө чогултту, кээде үйүнө чогултту, Нарынга госрегистрге чейин алып барып келди. Анан биздин кошунанын баары эле жаңы конуштабыз да бири бирибизге айтып, маалымат бердик. Бир аймак болгондон кийин чогуу бүтүрсөк жеңил болот экен деп. Назгүл көп кеңешин берип жатты. Биздин огороддун документи барда. Кайненемден мага өткөрүп алгам. Бир огородду болсо наамы бөлөк кишиде, сатып алганбыз. Анан кошунабыздын документи такыр жок. Анын жанында кайнагамдын огородду бар.

Бирок анын наамы такыр эле башка адамдын наамына кетип калыптыр. Негизи госрегистрге барып тактатсак ушундай чакчалекей экен. Анан кайра мунун тамынан кийин мунуку деп өзүбүз карта чийдик, номер алсак 2 үйгө 1 номер берип салыптыр. Кайра барып өзүнчө номер алышты. Минтип келсек болбойт экен, чогулуп барып сүзүштүрөлү деп Нарынга барып, өзүбүз түзгөн карта боюнча үй номерлери аягына чыкты. Токтомдор жок болбойт деп жаткан элек. Мамкаттоого барып тактап келип, анан айыл өкмөтүнө ар кимибиз өзүбүздүн маселе боюнча арыз кийирдик. Мамлекеттик кызматкерлерге барып, биз мына жашап жатабыз, эмнеге минтип калган деген суроолор менен эле документтерибизди бүтүрбөй келгенбиз. Ушул жаз менен Назгүл өзү ватсап группа ачып, баарыбыздын башыбызды бириктирип, сот, адвокаты жок эле 15 түтүндүн документи бүткөнү турат. Ортодо адвокат жалдагандар да болду. Кеңеш бергени эле мынча сом болот дейт экен», — дейт айыл тургуну Алтынай Өмүшова.


Жердин документин бүтүрүүдө бирин бири кармабай аймакташ жашагандан кийин чогуу бүтүрүү керек.
Кыргыз Республикасынын 2022 – жылдын 1 – апрелиндеги жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндөгү мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022 – жылдын 31 – майындагы 291 – токтому менен бекитилген жарлыгына ылайык Учкун айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Назгүл Саадакееванын демилгеси менен документин бүтүрө албай жүргөн жарандардын кайрылуусун карап чыгып ватсап группаларды түзүп, мыйзамдын негизинде документтерди топтоо жолдору боюнча айыл элдерине түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Курулушу бүткөн үйлөрдүн документтери толук бүткөн эмес

Жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндөгү жобосуна ылайык ар бир трансформация боло элек жерде жашап жаткан, документи бар каттодо жашап жаткан жарандагы, турак жайы бар бирок каттоодо жок, документи жок жарандагы, андан тышкары участокторуна налог төлөп, турак жай курулбай огородко пайдаланып жүргөн жарандар дагы жобого ылайык өзүнүн тиешелүү документтерин топтоп, Нарын райондук администрациясына тапшырыш керек.
Айыл өкмөт тарабынан кулактандыруу келген. Айылдын тургундарына вотсап группалар аркылуу жеткирилген. Мунапыс иштелип келгенге чейин айыл тургундарынан 10 чакты жаран кайрылган. Юридикалык кеңеш сурап, кандай жол менен документтерди бүткөрөбүз деп. Бир эле жолу сот аркылуу деп, биз ошого аракет кылып жатканбыз. Сотко берген күндө дагы трансформация боло элек жерге жеке менчигин аныктап берүү кыйын болуп калат экен. Жобо чыгып, жобонун негизинде ушул документтерди бүтүрүп, трансформация боло элек жерлер которулуп, ар бир жаран өзүнүн документин алып калса жакшы.

Негизи бул окуянын башы 1993 – жыл. 1993 — жылы Учкун айыл өкмөтүнөн трансформация болуп турак жай куруу үчүн айрым жерлерге токтом чыгып, айрым жарандарга жер бөлүнүп, берилиптир. Бөлүнүп берилген жер участоктун ээлери токтом чыккан учурда эле госрегистрден каттатып, кызыл китептерин алып, мыйзамдаштырып калыптыр, айрымдары токтомдорун каттоодон өткөзүп, мыйзамдаштырышкан эмес. Кээ бири айыл өкмөттөн кесилип берген, документтерин таппай калдык деген да учурлар бар экен. 2003 – жылы системдик каттоо болот. Каттоо болгондо мамкаттоого келип каттоого алганда жашап жаткан турак жайлар, тосулуп алынган огороддор бар, пайдаланып налогун төгүп жаткан огороддор кайра айыл өкмөттүн балансына өтүп кетет. мамкаттоодон ошентип көрсөтүп жатат. Биз код менен караганда 25 сотых огород айыл өкмөттүн балансында турат деп эле жашап жаткан адамдардын турак жайлары да участоктору да мамкаттоого өз өзүнчө болуп эле каттоодо катталып калган. Айыл өкмөтү, жер адиси, жергиликтүү кеңеш элдерге трансформация боюнча кулактандыруу кетирип, документтерин топтоого көмөктөшүп, жардам берип жатабыз.

Таштанбек көчөсүнүн аягына курулган тамдар

Себеби, айрым документтерди жарандардын өздөрү алганга мүмкүнчүлүктөрү жок документтер да бар экен. Ал боюнча айыл өкмөттө жыйналыштар болгон, атайын госрегистрден, тиешелүү органдардан да кесипкөй адистер да келген.
Эң көйгөйлүү маселелерден болуп, кайсы жерде жашап жатканы госрегистрде белгисиз да ошону алуу эң кыйын орчундуу маселе болду. Ошол жарандар өзүнүн жашап жаткан жеринин кодун, дарегин, кимдин наамында тургандыгын да билиш керек экен. Документтери барлар кыйынчылык туудурган жок. Мамкаттоого барат да справка эле алат. Токтомдун негизинде же айыл өкмөттүн каттосунда турабы же башка бирөөнүн каттоосунда турабы ошол чыгып калат. Документтери жоктордуку бүт эле айыл өкмөттүн балансында турат деп чыгып калып жатат. Ошолорду аныкташ аябай кыйын. Ошол учурда мамкаттоого адистери жардам берип, турак жайлардын ээлери жашап жаткан участокторду, кайсы контурда турат, дареги канча экендигин тактап арыздарын өткөрүштү», — дейт жергиликтүү кеңештин депутаты Назгүл Саадакеева.

Айзат Түмөнбаева