“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Кош бол агай

29 Декабрь 2022 жыл 0:05
Көрүүлөрдүн саны: 36

Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну Курманов Алтымыш агай дүйнө салды. Агайдын эмгегин айыл эли, окуучулары жана кесиптештери унутпайт.

Алтымыш агай эмгек жолун 20 жашында эле баштаган, ошол күндөн пенсия курагына чейин миңдеген окуучулар билим тарбиясын берип мектептин босогосунан көптөгөн бүтүрүүчүлөрдү турмуш жолуна учурган.

Өмүр жолу

1950 — жылы 1 — январда Ак — Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылында жарык дүйнөгө келеген

1956 — жылы Ленин атындагы №2 орто мектебине 1 — класстын босогосун аттап, 1967 — жылы 10 — классты бүткөн

1967 — 1970 — жылдары Нарын шаарындагы педогогикалык окуу жайы. Дене — тарбия мугалими. Окуп жүргөн кезинде Ибраимова Жумабүбү менен баш кошкон.

1970 — жылы Тоголок — Молдо айылында улуу пионер вожатый болуп эмгектенди

1971 — 1973 — жылдары Советтик армияда кызмат өтөгөн.

1973 — жылдан баштап, Пенсияга чыкканга чейин  Куланак орто мектебинде эмгектенген. Жубайы Жумабүбү да мугалим болуп эмгектенип, миңдеген окуучуларды тарбиялашты

Катардагы мугалим эмес. Чыгармачыл мугалим

Айылдын мектебине «Лыжный кросс»,  жайкы «ЛТО» лорду (лагерь трудового отдыха) жетектеп келген. Мектептин спорт площадкасына эмгеги зор

Сыйлыктары:

1985 — жылы Тянь — Шань райондук спорт мектебинин «Ардак грамотасы»

1986 — жылы СССР Жогорку Советинин 20 — сентябрдагы указы менен «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалы менен

1987 — жылы апрель айында К.Р нын мугалимдердин VI съездинин делегаты болгон

1991 — жылы К.Р нын физкультура жана спорт боюнча мамлекеттик комитетинин  «Ардак грамотасын»

Куланак орто мектебинде 1980 — жылдан 2000 — чейин үзгүлтүксүз профсоюздук уюмунун төрагасы болуп, «Билим жана илим профсоюзук кыймылынын отличниги» наамына татыктуу болгон.

2008 — 2012 — жылдары Учкун айылдык кеңешинин депутаты

2019 — жылы Куланак жамааттык медиа борбору тарабынан тартылган кыска метраждуу «Мурас» тасмасына башкы каарман катары келип, тасманын көркүнө көрк кошкон.

КОШ БОЛ АГАЙ , ТҮБӨЛҮККӨ КОШ БОЛГУН ,
О ДҮЙНӨГӨ КЕТИП , МЫНА ,ЖОК БОЛДУҢ .
КЕЛБЕС ЖАКА КЕТКЕНИҢДИ УККАНДА ,
БИР СИЛКИНИП , ЖҮРӨК ООРУП КОЗГОЛДУМ .

ЖАТКАН ЖЕРИҢ ,ЖАЙЛУУ БОЛСУН АГАЙЫМ ,
ТОПУРАГЫҢ ТОРКОЛУГУН КААЛАЙЫН .
БИР КЕМ ДҮЙНӨ ,ДЕГЕН УШУЛ ТУРБАЙБЫ ,
КАДЫРЫҢДЫ СЕН КЕТКЕНДЕ БААЛАДЫМ .

ЖОЛУГУШУУ КЫЛАБЫЗ ,ДЕП , ДАЛАЙГА ,
ТИРҮҮЛҮКТӨ ЖОЛУКПАДЫК АГАЙГА .
БИЛБЕЙ КАЛЫП , АЛТЫМЫШ АГАЙ , » «КЕТЭЭРИН » ,
КЛАССТАШТАР ,КАЛДЫК ,БИР ЧОҢ САНААДА .

ОКУУЧУЛУК КЕЗДИ ЭСТЕП , АЯБАЙ ,
ОКУУЧУЛАР ,ЖОЛУККАНГА ЖАРАБАЙ .
АРМАН КЫЛЫП , ӨКҮНДҮК БИЗ БААРЫБЫЗ ,
КҮТӨ ТУРБАЙ ,ЭРТЕ КЕТТИҢ , АГАЙ АЙ !!!

ТҮБӨЛҮККӨ КАЛДЫҢ АГАЙ КӨҢҮЛДӨ ,
ЖАКШЫ СЫЙДА , ЖҮРДҮК ,ЖАШОО — ӨМҮРДӨ .
КОШ БОЛ АГАЙ , ТҮБӨЛҮККӨ КОШ БОЛГУН ,
ОРДУҢ БОЛСУН ,БЕЙИШИНИН ТӨРҮНДӨ !!!

1974 — жылдан ,1979 — жылга чейинки,
класс жетекчи болгон , окуучуларыңдын атынан .
Автор : Тостокова.Б.А.
24. 12 .2022 — жыл.

 

Куланак жамааттык медиа борбору