Ар бир инсан кандайдыр бир кесиптин ээси болуу менен мамлекетке кызмат кылууну жана үй – бүлөсүн багууну, бакубат турмушта өмүр сүрүүнү каалап келет эмеспи. Кээ бири бала кезден кыялданган кесиптин ээси болууну самап, болгон аракетин жасап өзү сүйгөн кесиптин ээси болсо кээ бири аткарылбай калган кыял сыяктуу эле ойлогон ойлору ишке ашпай калат.
Мекен чегинде кызмат кылууну бала кезинен кыялданган каарманыбыз 1 ай болсо да мылтык тазалап, честь бергенди үйрөнүп, аз убакыт болсо да бала кездеги кыялдарына саякат жасаган.
«Эски кинолор барго солдаттар жөнүндө, ошолорду көп көрчүмүн. Военный болгон абдан жакчу. Окууну бүткөндөн кийин военный жакта связда олтуруп калдым. Мага курал кармаган. Кыздардын форма кийгени жакчу. Биринчи жолу иштегенде командирге честь бергенди билбептирмин. Ойдо жок эле келе жатсам командир келе жатыптыр, аны деле тааныбайм. Орусча честь бергенди мага эч ким айтпаптыр. Ошол эсимде калыптыр, талаага алып барып мишендерди аттырчу. Эгер жакшы атсаң снайперликке көтөрүлөт экенсиң. Менден кичүү кыз снайперликке көтөрүлгөн да. Пистолет карматышты. Жеңил эле деп ойлочумун. Аны 2 колдоп кармап атыш керек экен.
Автоматты биринчи атканда жайына коюп атпай, ылдамына коюп алыптырмын, жатып алып атканда аз жерден бетимди шыпырып кете жаздаган. Ал аябай күч менен атылат экен. Армиядан балдарды эле эмес кыздарды деле мекенди сүйүүгө, эл жерди коргоого тарбиялайт. Эгер мен жаш болсом, кыздардын армиясы бар болсо мен деле бармакмын армияга.
Эски докуенттерим, сүрөттөрүм бар да, ошолорду көрүп кыздарым армияга бардыңыз беле деп сурап калышты. Мен иштегем десем аябай кызыгышты. Апам аябай жакшынакай болуп калат турбайбы дешип. Эмнеге кыздардын армиясы жок деп аябай таң калышкан. Кыздарым деле аскер кызматкери болгусу келчү».
Иштеп жүрүп эле турмушка чыгып кетип, кайра кийин жумушка чыкса жумуш орду кыскарып калгандыктан, ишин улабай калганына өкүнөт. Андан кийин башталгыч класстын мугалимдик кесибине окуп, 20 жылдан бери бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенип келет.
«Ата – энем деле өз жолуңарды таап каалаган окуңарды окугула дегени менен ал кезде окуш деген кыйын болчу. Окууга өтпөй калсаң уят болчу. Бош жүргөн уят болчу да. Кандай окуу болсо деле окуй бериптирмин кесип тандоо дегенди деле билбептирмин. Өзүбүз жактырган окууга окуйлу десек окуй албайбыз. Азыр болсо кудайга шүгүр. Кайсы окууну окуйм десе окушат. Эң биринчиден балдарыбызга жол көрсөтүп беришибиз керек. Ата эне менен тыгыз байланышта болуш керек. Балдардын күзгүсү ата — эне».
Ар бир ата – эне балдарына кең келечек каалайт эмеспи. Өзү каалап окуган кесиптин айыл жерине кереги жок болуп калганына өкүнгөндүктөн, балдарына кесип тандоодо ата– энеси эле кеңешип окутуп койгон учурларда көп кездешет. Жумабекова Нуршат апа 6 баласына тең келечекте ким болосуң деп сурабаганына өкүнөт.
«Мен өзүм Гидромелиоративдик факультетти бүткөм. Өз кесибим менен иштеген жокмун. Айыл жергесине турмушка чыгып, менин кесибим менен иштегенге шарт болбойт экен. Балдарга кесип тандаганда атасы экөөбүз эле тандап, окуттук. Биз окуткан окуулары менен иштеген жок. Кайра эле өздөрү жактырган профессияларды тандап иштеп кетишти. Кесип тандаганды шыгына, жөндөмүнө карап, өздөрүнүн каалоосуна карап , коюш керек экен да. Турмуш ар кандай болот да. Жакшы көрүп окуган кесибибизди турмушта колдоно албай калат экенбиз. Айыл жеринде болуп калат. Же болбосо айыл жериндегилер шаарда болуп калат. Ар кандай болуп калат экен да».
Кээ бир кичинесинен эле кесибин ата – энесинин же кулк мүнөзүнүн аркасы менен кесип тандаганда да болот. 10- класстын окуучусу Айчолпон Аскарбекова өзүнүн кесибин азыртадан эле тандап койгон:
«Менде 2 вариант бар. Психолог анан мугалим. Ата – энем буга каршы эмес. Бирок, үй- бүлөм мугалим бол дешет. Анткени сен кичине балдар менен жакшы тил табышасың, жакшы түшүндүрөсүң деп айтышат. Бир туугандар жактан эч кандай каршылык жок.»
Кээ бир учурларда окутуудагы акы төлөп окутуу көп балалуу үй- бүлөлөр үчүн каржылык кыйынчылыкты да жаратып келет. Жалпы Республикалык Тестирлөөдөн босого баллдан өткөнүнө карап да каалабаган кесиптин ээлери болуп калып жаткандары да бар.
Даткайым Орозакунова