“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Райондук мектеп лигасы старт алды

11 Январь 2023 жыл 19:56
Көрүүлөрдүн саны: 63

10 – январда Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылында “Мектеп лигасынын” кыздар командасынын райондук оюну башталды. Оюн эки тайпага бөлүүнү менен өттү. Ар бир тайпада 9 дан оюн командасы катышты.


2022 – 2023 – окуу жылында “Мектеп лигасы” окуучулар арасында волейбол оюну боюнча өткөрүлүүчү райондук мелдештин жобосу иштелип чыгып, учурда өрөөндүк оюндар уюштурула баштады.

 

А.Аралбаев мектебинин «Мектеп лигасынын» эркек балдар командасы. Волейбол оюну боюнча

Балдар арасындагы оюн эмгекчил өрөөнүндө 7 — январда өткөн.

«Мектеп лигасы» программасын ишке киргизүүнүн максаты — окуучулардын арасында массалык спортту өнүктүрүү жана сергек жашоо образын жайылтуу. Анын алкагында спорттун 3 командалык түрү ишке кирет: атайын даярдыкты талап кылбаган футбол, волейбол жана баскетбол. Мектеп лигасы өлкөнүн бардык аймактарынан жаш таланттарды аныктоого жана спорттук олимпиадага жаңы жылдыздарды тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Даткайым Орозакунова