“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак айылынын суукта абалы кандай?

13 Январь 2023 жыл 23:59
Көрүүлөрдүн саны: 66

Тоолуу аймактарда 11 — январдан тарта аба ырайы кескин төмөндөп кар жаап, туман болуп жолдор тайгак жана тоңголок болууда. Бул суукта Нарын районуна караштуу Куланак айылында абал менен тааныштырабыз.

Катуу суукка айыл эли дайын беле? Мекемелердин кышка дайындыгы кандай деген суроо менен айыл тургундарына суроо узаттык.

Айыл тургуну Айнура эженин айтымында кыш эрте түштү дейт:
“3 тонна көмүр алып кышка даярдык көрдүк эле. Бирок ал жетпейт дагы 2 тонна көмүр алабыз. Көмүрдүн баасы мени канааттандырбайт. Айласыздан гана алууга туура келет”


Ал эми Ырсаалы уулу Урмат көмүр менен толук камсыз болгон жана көмүрдүн баасынын кымбат болушунун бирден бир себебин күйүүчү майлардын кымбат болушунда деп эсептейт. Учурда айылда көмүрдүн баасы тоннасына 5 000 сомду түзүп жатат.

Ырсаалы уулу Урмат

» Жылына 3 тонна көмүр жагылчу, азыркы аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу андан да көп санда жагып жатам. Бир чети көмүрдүн баасы мени канааттандырат, анткени көмүр ташыган жарандарды түшүнүү менен кабыл алам. Себеп дегенде алар өтө оор абалда көмүрду тартып келишет жана ошондой эле күйүүчү майдын баасына байланыштуу көмүрдүн баасы көтөрүлүүдө. Күйүүчү майдын баасына жогорку жактан жооп бериши керек. Азыркы учурда Казакстанда күйүүчү май 45 сомду гана түзөт, ал эми бизде литри 75 сомго көтөрүлдү. Ушул жагдайды жогорку жактан карап баасын арзандатуу менен элге жардам көрсөтүүсүн каалайт элем.»
Айыл тургуну Жазгүл Асыкбаевнаны айтымында жолдошу былтыркы жылы көмүр тартып иштегендиктен кышка даярдыгы абдан жакшы.
“Быйылкы жылы кыш өтө суук болуп жатат. Негизи жылына үй чоң болгондуктан 5-6 тонна көмүр жагылат быйыл андан да көп жагылууда».
Мындай катуу суукта отун менен камсыз боло албай калгандагы айыл тургундары бар
«Мен Матаев Жумагул, Куланак айылынын тургуну болом. Өзүм майыпмын, көмүр менен камсыз болгон эмесмин. Айыл өкмөт тарабынан каржылоо маселеси каралат деди эле, бирок болгон жок эмдиги жылы дейт. Азыркы учурга чейин эптеп отун менен жан сактап келем.»

Буга байланыштуу Учкун айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Өмүрзаков Эркинбек Муслимович мындай деди:


“Социалдык объектилерибиздин бардыгы көмүр менен камсыз болгон. Ушул тапта мекемелерибиздин бардыгы жылуу жана канааттандырарлык. Айылга Учкун айыл аймагынан 30 унаа дизелдик күйүүчү май аркылуу көмүр тартуу менен иштейт, бул райондук мамлекеттик администрация тарабынан колго алынган. Бир эле маселе болууда, салярка кымбат болгондуктан көмүрдүн баасы көтөрүлүүдө. План боюнча 130 тонна көмүр керектелет, 190 тонна көмүр тартылды. Мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр айылыбызда арбын. Аларды да эске алып биз бюджеттен 50 000 сом акча каражатын бөлгөнбүз. 1 жуманын ичинде камсыз кылабыз, көмүр отубуз кымбат болуп, 50 000 миң сомго 10 тонна эле көмүр келип, айылыбыздын аз гана жарандарына жетип калып жатат. Көмүр ташыган жарандарга соопчулук иши үчүн арзан баада түшүрүп берүүсүн сураныч менен кайрылуудамын. Ал эми канторго 17 тонна көмүр керектелет өзүнүн нормасы менен жагылат”, — деп айылдын абалын айтып кетти.

Айыл эли кыштын катуу суук болгонун ушул сай менен билишет. Себеби катуу сууктан сайдын суусу ташкындайт.

Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин жылытуу системасы ток казанга кошулган. Учурда лимиттен ашпоо жана электр энергиясын үнөмдөө үчүн, жогорку жактан берилген убакыттарда гана ток казан өчүрүлүп, калган убакта тынымсыз жагылып жатканын мектептин оператор кызматкерлери баса белгилеп өтүштү.

Ушул эле учурда Учкун айыл аймагынын өзгөчөлөр кырдаалдар кызматкери Эмил Солтоналиев Куланак айылыны ватсап группаларына байма бай төмөндөгүдөй кулактандырууларды  жөнөтүп турган мезгили.

Сүрөттүн автору Санат Жеңишбекова 12.01.2023 — жыл саат 8:53

“Урматтуу айыл тургундары ушул жумадан баштап сууктун күч алышы -30 градустан ашып кетүүдө, бала бакыраны, өзүңүздөр  талаага тоого мал кароодо сак болунуздар. Эгер чыгууга туура келсе байланыш каражаттар: телефондорсуз жана жалгыз чыкпаңыздар.Сайдын жээгинде жашаган тургундар сай ташкындап коркунуч жаратса өз убагында кабарлап коюңуздар. Кечкисин балдарды эшикке чыгарбоону суранабыз”.

Сагын Абдыраимова, Жаннетта Ырсалиева