Эрте жашта турмуш куруунун кесепеттери оор болору белгилүү болгону менен бул куракта ар кандай себептер менен турмуш курган учурлар кездешет. Алардын бири бүгүнкү биздин каарман учурда таене болсо дагы жаш кезиндеги өксүк бирге жашарын айтат. Анын пикиринде бардык нерсе убагында болгону жакшы.
Учурда таене болсо дагы неберелери менен ойногондон тажабаган каарманыбыз, түнкүсүн көчөгө чыгып чана тээп, жылгаякта ойногонду жакшы көрөт. Муну ал эрте турмуш куруп, оюнга кана ойнобой калгандыгым деп эсептейт:
“Ойногонду жакшы көрөм. Ушул эсте каларлык 2 жолу уят болдум. Ойноп жатып чарчагандыктан карда чалкалап жаткам. Кол сунган бирөө болгонунан балдарым тургузганы жаткан экен деп эле, сунган колго колумду сунуп карасам, суу алганы келген кошуна чоң эле байке экен. Тургандан кийимимдин шакмарынан аябай уялгам. Анан көпкө ойнобой жүрдүм. Ал деле унутулат экен. Дагы ушинтип ойноп жатсам, жумуштан кийин учурашканы кыздарым, күйөөлөрү менен келип калганында дагы ыңгайсыз абалда калдым. Мунун баары бала кезде моокумум кана ойнобой калганымданбы деп калам. Себеби турмушка чыкканымда 18 жашка толо элек кезим эле”.
Биздин каарман 9 – классты аяктаган соң, Куланак айылындагы №86 кесиптик лицейде окуп баштаган. Ал жакта дагы өзү каалаган адистик жок болгондуктан айласыз ветеринардык курста окуп калган:
“Ошол кезде ар бир мугалимге окууга студент алып келесиң дегенде эле атама барып, ушул жактан окусун менин группама бала толбой жатат, өзүм көзөмөлдөйм деп мени сурайт . Менден ушул окууну окуйсуңбу, кайсы кесиптин ээси болосуң деген деле киши болгон эмес. Ошентип 2 жыл окудум. Ал кезде жашың канчада деген деле киши жок. Училищада окугандарды ала качып кетип эле, ушул айылга тийсе, окуганы окуусун улантып, окубаганы такыр эле таштап кетчү. Ошентип эле мени деле ушул айылга эле ала качып кетип, турмушка чыгып кеттим.”
Турмушка чыкан соң окуусун дагы ойдогудай уланта албай калганын айткан каарман андан башка турмуштун түйшүгү оор болгонун эскерди. Мындай учурда жетиштүү билим, өзүңө болгон ишеним жок болгондуктан күнүмдүк көр тирлик менен күн өтө берген:
“Бирөөнүн үйүнө бүлө болуп барган кезиңде аябай эле кыйынчылыкты туудурат. Ал жерге баргандан кийин күйөөңдүн обону менен болот экенсиң. Өзүң теңдүүлөрдүн окуп жүргөнүн, алардын дискотекага барганын, чогулуп ойногондорун көрсөң кадимкидей кысылып жаман болуп жүрдүм. Эң негизгиси көп нерседен артта каласың. Окубайсың, окууңдү улантып бир кесипке ээ боло албайсың. Үй оокаты менен, балалуу болосуң алардын түйшүгүн тартасың.
Жап жаш элесиң да, төрөгөндөн кийин эле 3 айлык кызыбыз менен, мал менен кеттик. Ошондон бери эле кой менен келе жатабыз. Эрте турмушка чыкканда, өзүңдүн оюуңдагыдай эч нерсе жасай албай калат экенсиң. Күйөөңө айтканда деле аны уланта албайт экенсиң да. Училищада окусаң мектептин базасы, кесипти алат деген менен деле ал кесипти аркалап деле кетпейсиң. Себеби турмушка чыккандан кийин толук кандуу окууну уланта албай каласың. Дипломду алганым менен, мен ошол дипломго татыктуу эмесмин деп эле эсептейм.”
Каарманыбыз кичине кезинде медицина кызматкери болууну самагандыктан кийинчерээк кызына бул кыялын таңуулаганын айтат. Ата-энелер өзү жетпей калган максаттарына балдары аркылуу жеткиси келе берген учурлар көп кездешет. Алардын кызыкчылык, жөндөмдөрүн эске албастан ушундай болсо жакшы болот деген пикир автоматтык түрдүү берилет:
“Кызымды медициналык окуу жайга тапшыртып салгам. Азыр кызым айтат да “Апа өзүңуз окуй албай калган окууну эле экөөбүзгө таңуулап эле окутпадыңызбы” – деп. Кызым окуудан кыйналганда, “апа сиздин кыял үчүн эле окуп жүрөм” деп калчу.
Кыздарымды эрте турмушка берген жокпуз. Себеби алардын балалыгын уурдагыбыз келген жок. Мектепти толук бүтүрбөсө эрте күйөөгө тийип кетчүдөй, мектепти бүтүрттүк, окуу жайларга окуттук. Кыскасы мендеги катаны кайталабаса экен дедим. Эгер мен окуп бир кесиптин эси болсом менде мынчалык өкүнүч болбойт беле деп калам. Балдарымда ошол нерсе болбосун деп окууларын таштаттырбай окутуп жатабыз», – дейт каарманыбыз.
А.Аралбаев мектебинин Кыргыз тили жана адабияты мугалими Тоюнкүл Ашыралиева аталган мектепте 15 — жылдан бери эмгектенип келет. Ал мектептен көптөгөн класстын класс жетекчиси болуп көп окуучуларды бүтүргөн:
“Турмушка эрте чыккан кыздар көбүн эсе жогорку билим алуусуна тоскоолдуктар жаралат, ден соолук жактан жабыркашаркайт, мындай көрүнүштөр турмушта көп болуп жатат. Өзүмдүн окуучу кыздарымдан бирөө 11 бүтүп эле турмуш куруп кетти. Боюнда болбой жүрүп, 2 жылдан кийин төрөдү. Төрөгөндөн кийин ден соолугу жакшы болбой, көп учурун ооруканада өткөрдү. Ал бала көптө ирденгенин уктум. Кээде жогорку окуу жайга өтүп, турмуш курса, орто жолдон боюна болуп калса, ал окусун уланта албай калат. Сырттан окушу, тыныгуу алышы мүмкүн. Ушундай учурда окуусунан аксайт да. Ал эми кээ бир үй — бүлөлөр кызды окутпай коёт. Демек ал кыз келечекте көз каранды болуп, эки жакка чыгалбай эл менен аралаша албай калабы деген ойдомун.”
Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын Мамлекеттик Университетинин мугалими Уулкан Бейшеналиева, 2003-жылдан тартып, мугалим болуп эмгектенип келет. Кыздардын эрте турмуш куруусу алардын билим алуусун аксатарын айтат:
“Учурда ала качуулар студенттер арасында кездешпей калды. Мындай көрсөткүч акыркы он жыл мурун көп эле, азыр коомдун көз карашы башкача, окуп, иштеп, андан кийин турмуш куруп келишет. Үй-бүлө куруу бул кичине мамлекет деп бекер айтылбайт, азыр ала качуу коркунучу жокко эсе, андыктан эрте турмушка берүү, же бербөө бул ата-эненин колунда, кийинки мезгилде кыздар акыркы курста кетип жатышат, эрте үй-бүлө куруп кеткен жаштар өтө көп эмес.”
Айзат Түмөнбаева