Адатта коомчулукта зомбулуктун башка түрлөрү туурасында талкуулар болуп көңүл бурулганы менен үй-бүлөлүк зомбулуктун бир түрү болгон болгондо дагы кеңири жайылган экономикалык зомбулуука маани берилбей келет. зомбулуктун бул түрүнө ар бир эле үй-бүлө мүчөсү туш болушу мүмкүн.
Адвокат Айбек Өмүралиевдин билдирүүсүндө экономикалык зомбулукка кабылгандар дээрлик кайрылышпайт:
Кыргыз Республикасынын мыйзамы бар үй бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо деген. Үй бүлөдөгү зомбулуктун сактоо же коргоо боюнча иш аракеттер жүргүзүлөт. Зомбулуктун ар кандай түрлөрү бар, Физикалык, психологиялык, сексуалдык анан экономикалык зомбулук. Көбүнчө кайрылганда физикалык жана сексуалдык зомбулук тарткан жарандар кайрылат.
Негизинен үй-бүлөлүк бюджетти тескөөдө киреше чыгашаларды эсептеп жатканда көп адамдар акы төлөнбөөчү жумуштарды эске алышпайт. Мисалы, короодогу мал караган, үйдөгү тетиктерди оңдоп түздөгөн, ошондой эле бир үй-бүлө мүчөсү тамак- аш даярдап, кир жууган сыяктуу жумуштар көңүл сыртында калат. Жөнөкөй эле элестетип көрүңүз эгер сиз ушул сыяктуу жумуштарды бирөөнө жасатсаңыз канча акча төлөп берет элеңиз. Андыктан бир гана накталай каражатты киреше деп эсептебестен буларды дагы эске алган туура. Адвокат Айбек Өмүралиев экономикалык зомбулуктун белгилери кандай болорун айтып берди.
«Үй – бүлө мүчөсүнүн же ага теңештирилген адамдын үй – бүлөдөгү башка адамга карата кандайдыр бир багуу милдеттерин аткарбаса же болбосо финансылык акча каражаты менен камсыздабаса, кандайдыр бир кызматтарды аткарып өзүнүн максаттарын аткарууга иш аракеттерин чектесе, же ажыратса экономикалык зомбулукка кирет.
Мисалы, бир үй бүлөдө жалпы бюджет болот. Тапкан акча каражаттарын тескөө укугун чектеп, пайдалануу укугун ажыратып коёт.Өзү пайдаланат.Ошондо экинчи тарапка экономикалык зомбулук келет. Ал эми практикада экономикалык зомбулук тарттым деп кайрылган кишилер жок да. 1000 кишинин 1 кайрылышы мүмкүн.
Экономикалык зомбулукка дээрлик ар бир үй-бүлө мүчөсү туш болот. Эгер үй – бүлө ажырашып кетсе, 18 жашка чыга элек өзүн камсыздай албаган балдарга карата экономикалык зомбулук байкалат.
Алимент өндүрүү боюнча кайрылганда ошону мен балддарга карата экономикалык зомбулук катары эсептейм да. Себеби, ал жерде балдарды бакканга милдеттүү, балдарды камсыздаш керек. Бул жашы жете элек балага карата зомбулук болуп жатпайбы. Аны ата -энесинин милдети да. Баланы акча каражаты менен камсыздабаса, кийимин алып бербесе, билим алуусуна каржылабаса же жубайы бала багып үйдө олтурса, дары алганга эч жардам бербесе бул да экономикалык зомбулукка кирет.
Ошон үчүн алиментке кайрылгандарды экономикалык зомбулук тартты деп эсептейм. Тапкан кирешесинен алиментти өндүртүп берип жатпайбызбы мажбурлоо иретинде төлөп берсин деп. Ушул нерсе практикада кездешип жатат».
Экономикалык зомбулукка кабылгандардын катталбай жатканы бул маселе жок дегенди билдирбейт»,- дейт Учкун айыл өкмөтүнун социалдык кызматкери Анара Балтабаева.
«Эгерде акча менен опузалап жаткан болсо же турак жайдан, кийим кечеден атайын апаат жаратып жаткан болсо. Андай болгон учурда албетте сиздерге жардам берүүчү уюмдар бар. Учурдан пайдаланып айтып кетейин жергиликтүү комитет Учкун айыл өкмөтүндө үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча 2 айылда иш алып барып жатабыз. Жергиликтүү комитетке кайрылсаңыздар болот».
Экономикалык зомбулуктун алдын-алуу үчүн кандай кадамдарды жасоо керектиги тууралуу Кыргызстандагы эркектер зомбулукка каршы коомдук фонддун жетекчиси Марат Алиаскаров. Экономикалык зордукка кабылбаш үчүн төмөндөгүдөй кеңештерин берет:
«Финансылык жактан эгемендүүлүктү алууга аракет кылыш керек. Буга эмне шарт же өбөлгө болот. Кандайдыр бир жумуш менен алектениш керек. Иштеш керек. Өзүн өзү камсыздаганга жана үй- бүлө мүчөлөрүн камтыганга кандайдыр бир шарт түзүш керек. Чакан бизнес болобу, мамлекеттик же башка жеке уюмдарда иштеш керек болобу, бүгүнкү күндө көп эл аралык уюмдар бар. Аял кишилерди кантип финансылык эгемендүүлүккө жетиш керек. Ошол тренингдерге катышып көрүш керек. Өзүнүн аң сезимин же болбосо мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга кандайдыр бир шарттарды түзүш керек. Баштапкы учурда кандайдыр бир кыйынчылыктарды түзүшү мүмкүн. Бирок ошого карабай максатка жеткенге аракет кылыш керек.
Экономикалык зомбулукту болтурбоо үчүн ар бир жаран өз укугун билүүсү ошондой эле башкалардын укугун тебелебей сыйлоосу зарыл. Финансылык сабаттуулук, үй-бүлөдөгү бири-бирин түшүнүү, колдоо, ой пикирлер менен эсептешүү дагы экономикалык зомбулуктун алдын алат».
Даткайым Орозакунова