“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Балдарга кубаныч, чоңдор үчүн түйшүк тартуулаган кар

18 Февраль 2023 жыл 22:36
Көрүүлөрдүн саны: 48

Республика боюнча туруксуз аба ырайы балдарга бакыт тартууласа, чоңдор үчүн түйшүк жаратты. Нарын районуна караштуу Куланак айылына тынымсыз жааган кар 45-50см түздү.

Куланак айылы күн чыгышта Достук, ал эми күн батышта Учкун айылы менен чектеш жайгашкан. Тогуз жолдун тоомунда жайгашса да 15 — 16 -февралда жааган кар айыл элине жана авто унаа ээлерине бир топ эле түйшүк жаратты.

Айыл ичин тазалоо үчүн 17 -18- февраль күндөрү тазалоо иштери башталды. Комментарийсиз төмөндөгү видеодон көрө аласыздар.

 

Ал эми оюнга тойбогон балдар үчүн жааган кар кубаныч тартуулады

А.Аралбаев мектебинин 6 классынын окуучулары сабактан кийин

Дагы башка учурлар менен төмөндөгү видеодон көрө аласыз