“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Китеп аркылуу кыялына жеткен Айчүрөк

18 Февраль 2023 жыл 10:25
Көрүүлөрдүн саны: 65

Акыркы жылдары билим алууда көптөгөн мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, аларды колдонгон жаштардын саны күн санап өсүүдө. Алардын бири Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Айчүрөк Токсобаева. Ал мектеп курагында эле көп тил билип, чет өлкөдө иштегенди кыялданчу.

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Э.Токсобаев атындагы мектебинин бүтүрүүчүсү мектепте окуп жүргөндө эле чоң китебин колунан түшүрбөй, китеп менен уктап, аны менен сабакка барчу.

-Негизи мурун эле аябай кыялданганды жакшы көрчүмүн. Кыялымда көп нерсеге колум жеткендей сезилип, ошол нерседен ырахат алат элем. Ошол кезде так кыялым бар эле деп айта албайм, бирок чет жака чыксам, дүйнөнү кыдырсам деп тилек кылат элем. Аябай чоң “1000 тем английского языка” деген китебим бар болчу. Ушул китеп мени кыялдарыма жакындатчудай сезилчу. Ал китепти жаздыгыма жаздап, аябай оордугуна карабай мектепте да ар бир күнү көтөрүп барат элем. Китептин ичи ар кандай темаларга бай эле, өзгөчө башка олко жана алардын жашоосу, маданияты тууралуу. Ошол китеп аркылуу түрдүү өлкөлөрдү гана таанып билбестен, англис тилимди дагы өнүктүрө алдым. Китептин ичинде ар түркүн элдер, өлкөлөр жөнүндө маалымат көп эле. Ошол маалыматты алып, жан дүйнөм байып турчу, ал нерсени мен да сезип, өз көзүм менен көргүм келчу. Ошол аркылуу аябай шыктанып, англис тили мага жол ачат деп ишенет элем. Демек китеп мага жол ачып, кызыктуу дүйнөнү таанууга жана шыктанууга көмөк көрсөткөн. Ал китепти англис тилинде окуп, түшүнүп калсам абдан сүйүнүп калат элем, демек эмгегим акталып жатат деп айта алам. Азыр ал китебим кайда экенин билбейм, ошону сактап койбогонума өкүнүп калам.


Китеп менен бирге кыялдарын орундатуу үчүн, Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайында

Эл аралык университетте 4 жылдык бакалаврда окуп жүргөндө, магистратураны Европада окууну максат кылган

— Кыялдарга жетүү үчүн сөзсүз максат коюп, ошол максатты убакыт менен ченеп, анан алдыга умтулуу керек. Максаты жок кыялдар, кыял гана боюнча кала бермекчи. Ошондуктан ар дайым алдыга умутулуп, кичинекей кадамдарды таштоо керек. Чоң максатка жетүү учун, кайсыл кадамды биринчи жасоо керек деп анализ кылып, анан ошол кадамдан баштоо зарыл. Мага ал кадам англис тили болчу, ошондуктан убактымды тил үйрөнүүгө арнагам.

Окуп жүргөн кезинде эле аябай көп социалдык долбоорлорго, волонтёрлук иштерге катышып, чет элден келген долбоорлордун адамдары менен иштешип, англис тилин өздөштүрүп, курска барып, аябай активдүү студенттик жашоосун кызыктуу өткөргөн.

— Бакалавр бүткөндөн кийин, окуп жүргөн убакта жаштар өспүрүмүнүн организациясы боюнча социалдык долбоор боюнча Европага барып келгем. Румыния менен Венгрияда 2 долбоорго катышып, тилди өздөштүрүп, ал жактан башка маданиятты таанып, ошол жакта социалдык жактан өздөштүрүлгөн долбоорлор менен иштешип, окуп жүргөндө эле магистратураны башка жактан окусам деп тилек кылчумун. Ал тилек болчу аны максат кылам деп, курска катышып, ар кандай программаларды издеп, 3- 4 курста окуп жүргөндө TOEFL тапшырам деп, түрдүү адамдардан маалымат алып жүрүп, акыры Венгриядан магистратурага стипендияга өтүп, ошол жакта окуп жүргөн мезгилде Германияда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын институнда практика өтүп, аябай жагып калган. Ошол жакка окуумду бүтүп кайра баргам. 2 жыл мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштедим. Жашоодо окууда болгон интеграциясы, аларга Германия кандай мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет. Алардын жашоосу кандай, ошонун баарын таанып билип, аябай суктангам.


Айчүрөк чет өлкөдө окуп жана иштеп кетүүсүнө өзүнүн максатты туура койгондугу жана иштемчилдиги менен ар кандай кырдаалдарды жеңип келген.


— Кыйынчылыктар көп болгон. Эн негизгиси үй бүлөңдөн алыс, жаныңда жакын адамдарыңдын болбогону. Кандай кырдаал болбосун, бардык күчүңдү жумшап, өз арабаңды түрткөндү үйрөнөсүң. Ушул аркылуу өсүп, өзүң жөнүндө да көп жаны нерселерди үйрөнүүгө жол ачылат. Кыйналып турганда бул кырдаалдан эмнени үйрөнсөм, кантип өссөм деген ойлонууга өтөсүң. Анан албетте башка тил, башка эл, аларды түшүнүп кабыл алганга да убакыт жана чыдамкайлык талап кылынат, Европада адамдар индивидуализм менен жашашат, ар ким өзү үчүн, бул нерсеге көнүү да оңой болбойт экен.


Көп маданиятты билүү үчүн эң негизи тил үйрөнүү керектигин баса белгилейт. Жашоодо өзү колдонгон кеп кеңештери менен да бөлүшүп кетти.
— Досуңуз же өнөктөшүңүз менен ошол тилде машыгыңыз.
— Тилди сүйлөсөң гана чындап үйрөнөсүң, ошондуктан тартынбастан сүйлөп, аракет кылуу
— Мобилдик үйрөнүү. Кээ бир колдонмолор менен чет тилин үйрөнүүнү күнүмдүк жашоого киргизип алса болот, алар бекер да болушат
— Тилди күнүмдүк жашоого интеграциялоо. Күнүнө бир жаңы сөз жана ал сөздү сөзсүз колдонуу
— Фильмдер жана сериалдар менен үйрөнүү.
— Өзүң менен сүйлөшүү
Тилге болгон кызыгууну өрчүтүү. Эгер тил үйрөнгүң келсе, анда ошол тилде сүйлөгөн элдерге жана алардын маданиятына чындап кызыгууң болушу керек
Конкреттүү максаттарды коё билүү
Регулярдуулук маанилүү. Жалпысынан алганда, жаңы тилди колдонуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу керек.

Алыста жүргөндүктөн Кыргызстанды дайыма сагынып турат. 2022 — жылдын жай мезгилинде сагынычын таркатып, ата — энесине келип келип кеткен.
Сагынам аябай, өзгөчө тоолорубузду, тамагыбызды, элибиздин мейманчылдыгын, көлүбүздү, айылдын кечтерин, таза абасын.

Айчүрөк Токсобаева учурда Германияда иштеп жатат. Ал жумушу боюнча буларды айтып берди:
Социалдык сферада Германияда аябай көп тажрыйба топтоп, системанын кандай иштешин, таанып билейин деп Германияда калгам. Азыр немец тилин үйрөнүп, немец тилинде иштейм. Азыркы жумушум Евробиримдиктин долбоорлору менен иштешебиз, социалдык интеграция боюнча. Бул интеграцияга мигранттар же качкындар Германияда жашаган, алардын кандай укуктары бар, аларды кантип коомго интеграция кылып, аларга кандай мүмкүнчүлүктөрү бар, алар кандай жетишкендиктерге жетишсе болот. Качкындарды же мигранттарды ар кандай тренингдер менен үйрөтөбүз, силердин укуктарыңар бар мындай мүмкүнчүлүктөрүңөр бар. Бул жактан бекер курс окуп, бул жактан билим алсаңар, же жумушка орношууда Германиянын системасы жөнүндө, кантип жумушка орношсо болот деп маалымат берип турабыз.

 

Айзат Түмөнбаева