“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Спорт- оорулардын алдын алат

5 Март 2023 жыл 11:54
Көрүүлөрдүн саны: 58

Спорт менен машыгуу туура тамактануу өнөкөт жаман адаттан алыс болуу бул ден соллукка кам көрүүнүн эң алгачкы кадамдарынын бири болуп саналат.


Учурда жарандар өз ден соолугуна кандай кам көрүшөт, жаман адаттарга эмнелер кирерин билишеби, статиска боюнча кандай оорулар менен кайрылышат деген сурообузга Нарын облустук бириктирилген ооруканасында Куланак айылында “ Султанова Жеңишкүл” атындагы бөлүмдүн бөлүм башчысы Майрам Көчиева төмөндөгүдөй жооп берди:

«Азыр аялдарга салыштырмалуу статистикага таянсак, 60 жашка чейин көбүнчө эркектер оорушат. Нарын жергеси бийик тоолуу аймак болгондон кийин, мөңгү менен келген суулардын минералдык заттары ашыкча, ошондуктан көбүн эсе бөйрөк оору, бөйрөктөгү таш, табарсык жолдорунда таштардын пайда болуусу жана табарсык бездеринин сезгениши, ар кандай онкологиялык оорулардын өрчүшүп кеткен жана тукумсуздук оорусу көп болууда. Жүрөк кан тамыр оорусу, өпкөнүн өнөкөт оорусу, кан басымдын жогорулашы, ашказан ичегилер оорулары. Мунун баарына терс таасирин тийгизген зыяндуу адаттар.

Мисалы, туура эмес тамактануу, алкоголдук жана энергетикалык ичимдиктер, тамеки чегүү, стресс, өздөрүнүн социалдык абалынын начарлашы ден соолугуна кайдыгер карашып, жарандардын ден соолугу бир топ эле көйгөлөрдү жаратууда.

Азыркы убакта жаштар энергетикалык ичимдиктерди көп ичип жатышат. Насвай тартышат.Булар организмге терс таасирин гана тийгизет. Мээнин иштешин начарлатат, мээ кыртышын бузат.Канды бузат, жүрөктүн иштешин начарлатат. Боордун сезгениши цирроз оорусуна алып келет. Кандайдыр бир оорунун белгилери байкалса дароо дарыгерге кайрылуу зарыл».

Майрам Көйчиева

Ал эми Абдылда Аралбаев мектебинде дене тарбия мугалими жана грек рим күрөш боюнча машыктыруучу Назарбек Мусалиев кесибине байланыштуу жылына 2 жолудан медициналык кароодон өтүп турат жана ден соолук бекем болууга дене тарбия чоң жардамчы деп эсептейт:
«Эртең менен турам кичине физикалык көнүгүү жасайм. Кечкисин болсо балдар менен кошо тренировка кылам.

Назарбек Мусалив машыктыруучу жана дене тарбия мугалими

Спорт ден соолукка абдан пайдалуу. Жакшы ойлонот. Шамдагай болот, оорубайт, иммунитети күчтүү болот. Балдарды машыктырууда тарбияга да көңүл бурабыз.Тырышчактуулукка, ыймандуулукка күчүңдү спортко кана көрсөт деп тарбиялайбыз».

Куланак үйбүлөлүк дарыгерлер тобунун башкы дарыгери Сайрагүл Асанова аялдарга салыштырмалуу эркектер ооруну алдын- алуу чараларын көрүшпөрүн жана ден-соолукка кайдыгер мамиле жасашарын билдирди:

Сайрагүл Асанова

«Дени сак улут деген программанын негизинде эле ар бир адамды убак убагы менен изилдөөдөн өтүп, убагы менен көрүнүп, врачтын кеңешин алып турса жакшы болот деп ойлойм. Бирде болбосо бирде сөзсүз ооруну алдын алып калабыз. Азыр эми бизде ар бир жаран өзүнүн ден соолугун билип туруш үчүн акциялар жүрүп жатпайбы. Эркек кишилер өздөрү маани бербейт. Алар биринчиден тамеки тартат, арак ичет дегендей да. Өзүнүн ден соолугуна кам көрбөйт. Жаны көзүнө көрүнүп оору күчөп калганда келбесе келбейт. Ошон үчүн акция жүргүзүлүп, 18 жаштан 65 жашка чейинкилер медициналык кароодон өтсүн деген.

Статистика боюнча 40 жаштан өткөндөн кийин өзүнүн салмагына көз салбай толуктук менен, режим сакталбайт. Боюн, салмагын ченеп, жамбаш, көкүрөк айланасын ченеп дегендей ошону менен кошо эмне көйгөйү бар, эмне даттануусу бар. Ошого жараша максаттуу лечение алганга шарт түзүлүп жатат».

Бекер акциялар, дени сак улут деген программаларынын иштелип чыккандарынын бирден бир себептери жарандардын өз ден соолугуна кайдыгер экени ачык айкындап турат. Күчтүү мамлекет жана үй- бүлөнүн бактылуу болушу үчүн анын ар бир жарандын ден соолукта болушу маанилуу. Оору менен күрөшкөнгө караганда анын алдын алуу натыйжалуу.

Даткайым Орозакунова