“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Конкурс:Кана эмесе кыздар

8 Март 2023 жыл 23:23
Көрүүлөрдүн саны: 140

Нарын Районуна караштуу Куланак айылындагы А.Аралбаев атындагы орто мектебинде 8 — март айымдардын эл аралык күнүнө карата 8 — 11 —  класстар арасында «Кана эмесе кыздар»  конкурсу болуп өттү

Конкурс 7 — март күнү А.Аралбаев мектебиндеги жыйындар залында  болуп, ага 6 команда катышты. Программада саламдашуу, эмблема, дубал газета, жеке номер, бий, суроо — жооп, чач жасалгалоо, камыр жаюу жана үй тапшырма шырдак жасоо болду. Конкурстагы көз ирмемдерден

11 — класс «Мөл булак» тобу

9б класс «Кызгалдак» тобу

 

10 класс «Аруу» тобу дубал гезит жактоо учуру

9а класс «Кыз жибек» тобу жеке номер

суроо жооп учуру

Чач жасалгалоо 5 мин убакыт берилген

Баардык тапшырманын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр аныкталып, 1 — оорунга «Кыз жибек» тобу, 2 — оорунга «Аруу» тобу, 3 — орунга «Мөл булак» тобу ээ болду. Жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга 9 а — класстын атанелери колдоо көрсөтүп, белектерин тапшырышты.

Андан тышкары Жигиттер арасында гүл жасоо конкурсу уюштурулуп, 1 — оорунга 9а класстын окуучулары, 2 — оорунга 10 класстын окуучусу, 3 — оорунга 9б класстын окуучусу ээледи

Сагын Абдыраимова