“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Сиз үчүн 8 — март кандай күн?

8 Март 2023 жыл 22:51
Көрүүлөрдүн саны: 43

Күтүп жүрүп майрамдалган 8-март эл аралык айымдар күнүн Куланак айылынын тургундары кандай майрамдашат?

Бул майрам 1908 – жылы Нью Йоркто аялдардын укугун коргоо үчүн уюштурулган марштан соң Клара Цеткин тарабынан сунушталган. 1909 – жылы экинчи сессияда бул майрам талкууга алынып, кабыл алынган. Улам өзгө республикалар бул майрамды майрамдай баштаган. БУУ 1975-жылдан тарта 8-мартты белгилеп келет.

 

Куланак айылынын тургуну Назгүл Саадакеева бул күндү айымдар чыдамсыздык менен күткөн күндөрдүн бири деп эсептейт.

«Март айындагы майрамдардын эң маанилүүсү ушул го. Күтүү менен майрамдалган майрам. Негизинен аялдардын укугу үчүн белгиленген күн. Клара Цеткинге аялдарды көтөрүп чыкканына ыраазычылык билдиришибиз керек» — дейт.

Жакындарына белек алып, кечки майрамдык дасторконго кам көрүп жүргөн Наргиза Чыбыева төмөндөгүлөргө токтоду.

Эс тартканы бул күндү айымдар күнү деп билип келебиз.  Күтүп жүрүп үй – бүлөө менен кечинде бири – бирибизди куттуктап, тособуз.

Наргиза Чыбыева

«Биз үйдөн гана майрамдайбыз. Мектептен мугалимдерди, кыздарды куттуктап гана окуйбуз» айылдын кичинекей тургуну Кубанычбек уулу Зарылбек.

Айыл тургуну Аттокур Дыйканбаев  таң эрте үй — бүлөсүнө белек берип, куттуктоо менен баштайт

Үйдө азыр жубайым менен кызым бар. Аларды куттуктаган соң. Студент кызыма, андан соң турмушка чыккан кыздарыма жакшы сөздөрдү  айтып, каалоолорду айтып, жакшы тилек гана тилеп майрамдайбыз. Бул күн мен үчүн куттуктоолордун күнү болуп саналат.

Ал эми бул күндү кадимки күндөрдөй эле үй оокаты менен  өткөрүп, майрамдабаган да айыл тургундары кездешти. Бирок куттуктоолорду кабыл алышат экен.

Даткайым Орозакунова