“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Аудио: Кыздар уюму кандай иштерди алып барат?

25 Март 2023 жыл 23:43
Көрүүлөрдүн саны: 46

Ар бир мектептерде түзүлгөн “кыздар уюму” же болбосо “кыздар комитети” деген ат менен таанымал уюм качан пайда болгону белгисиз. Бирок мындай аталыш менен ар бир мектепте кадимкидей иш пландар түзүлүп, анын төрайымы шайланып, ага мүчөлүк кылган кыздардын курамы да түзүлүп, окуу жылынан баштап аягына чейин атайы түзүлгөн пландын негизинде иш алынып барат.


Кыздар уюму кандай иштерди алып барат деген сурообузга А.Аралбаев мектебинин “Кыздар уюмунун” төрайымы Аида Жумабаева жооп берди:
«Тарбиялык иштер боюнча завуч, соц педагог жана кыздар уюмунун төрайымы болуп, ай сайын кыздарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турабыз, эрте никеге туруу, ала качуу, зордук зомбулук маселелери боюнча талкууларды жүргүзүп, аны менен биргеле диспуттарды, тегерек столдорду өткөрүп, жыйынтыктарын чыгарып турабыз».

Кыздар комитетинин планында бир гана кыздардын тартибине жана жүрүм турумуна басым жасалбастан атайын да интеллектуалдык оюндар жана ар кандай конкурстар уюштурулуп турат.


«Кыздар менен акыл ордо, билерман ордо, ким миллионер жана башка ушул сыяктуу интеллектуалык оюндарды уюштуруп келебиз жана ал оюндардын жыйынтыгын чыгарып, жакшы ийгиликтерге жетишип келе жатабыз».

Мектептерде буга чейин атайын кыздар үчүн гигиена деген сабактар өтүлүп келгенин, жана бул сабак учурда кандайдыр себептер менен өтүлбөй клгандан баштап, кыздар уюму медициналык билими бар адистер менен тыгыз иш алып барышары боюнча маалыматты Куланак үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун мед айымы Гүлзамира Чүкүшова кенен токтолду.

«Бизде жыл башында бекитилген иш план болот же болбосо мектептин өздөрүнүн бекитилген иш планынын негизинде окуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз.

Өзгөчө гигиена деген сабак өтүлчү эле, акыркы учурда өтүлбөгөндүктөн ошол маселени кыздар, балдар арасында жетилүү мезгили боюнча көбүнчө түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Аңгемелешүү учурунда суроолорун беришет. Жыныстык катнаш учурда жугуучу оорулардын залалдары кесепеттери туралуу айтып беребиз. Жана алдын алуу иш чараларын айтып беребиз. Эрте никеге туруп, эрте балалуу болуунун кесепеттери залалдары туралуу көбүрөөк айтып, кыздарды эрте никеге турбоо боюнча жана эркек балдар арасында өзүнчө өтөбүз. Мектептен тышкары кесиптик лицей бар. Ал жакка да өтүп турабыз».

Кыздар уюму өзүнүн ишмердүүлүгүнө көп иш-чараларды камтыйт. Соцпедагог Жээнкүл Назбек кызы да кыздар уюму менен ар бир чейрек үчүн атайын жылдык пландын негизинде иш алып барарын айтат:
«Ар бир чейрек сайын 1 жолудан кем эмес кыздарга арналган иш чаралар өтүлөт. Кыздар менен үй- бүлөлүк дарыгерлер тобундагы гинеколог врач менен жолугушууларды уюштуруу, өспүрүм курактагы ден соолугундагы өзгөрүүлөр, санитардык гигиеналык маалымат берүү, андан тышкары кыздардын апалары менен жолугушууларды өткөрүп турушат.

Эрте никенин зыяндуулугу, кыз менен жигиттин ортосундагы мамиле маданиятын сактоо боюнча 8 — 11 класска чейинки кыздарга өтүлгөн. Мектеп парламентинин кыздарынын жардамы менен коомдо өзүн алып жүрүүсү, билими, сабакка болгон жоопкерчилиги боюнча ар кыздар жыйналышында айтылып талкуу жүргүзүлүп, турат».

Аида Жумабаева мектепке кыздар комитети абдан маанилүү экендигин белгиледи:
«Кыздар уюму мектепке абдан керек. Кээ бирөө ата – энеси менен чын оюн айтып ата – энеси менен сүйлөшө алышпайт. Мектепте өзүнө жаккан эжекейи же курбусу болот мына ошолор менен акылдашып, ички дүйнөсүн айтып келет. Биз ошол сыяктуу маселелерди кыздар уюму менен биргеликте чечип келебиз».
Мектеп тарабынан кыздарга колдоо көрсөтүлүп, аларды келечектеги жашоого даярдоо иштерин жүргүзүүсү абдан жакшы көрүнүш. Кыздар кеңешинин эн башкы максаты кыздарды тыюу, тартибин талкуулоо эмес, аларды колдоо болушу абзел.

Даткайым Орозакунова