“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Каалабаган кош бойлуулукту алдын алса болот

26 Апрель 2023 жыл 23:54
Көрүүлөрдүн саны: 51

Республикалык статискага караганда бойдон алдыруу курактары 20 жашка чейин жана 35 жаштан жогоруну түзөт. Бойдон алдыруу ден соолукка жана коомго өтө зыян алып келет.

Медицинанын өнүккөн заманында бойдон алдыруу, пландалбаган үй- бүлөнүн кесепетинен бузулган үй- бүлөнүн сандары күн санап өсүүдө. Кыргыздар илгертен эле үй бүлөнү пландоо боюнча турмушта көптөгөн макалдарды колдонуп келген, алар бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготпой дайыма айтылып келет дейт гинеколог, үй бүлөлүк психолог Гулзина Мадраимова.

 

Каалабаган кош бойлуулук
Аялдардын репродуктивдүү курагын медицинада 16 жаштан 49 жашка чейин каралат. Каалабаган кош бойлуулук көбүнчө зордук зомбулукка кабылган учурда болуп калат. Биздин менталитетке туура келбегендиктен кыз келиндер жашырат, уялат. Эгерде өз учурунда билип, жакындарына айтса бул каалабаган кош бойлуулукту алдын алат. Бул жерде жалгыз эле аял эмес эркек дагы укугун билиш керек. Эмне үчүн аялдарды эле күүнөлөй беребиз. Мында эркек да күнөөлү дейт Куланак үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун акушер мед айымы Жеңишкүл Жумаева
Айзат Түмөнбаева