“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Алияна жардамга муктаж

27 Апрель 2023 жыл 0:32
Көрүүлөрдүн саны: 42

Нарын районуна караштуу Куланак айылынын кичинекей тургуну Алияна Жумагулова кандын курч лимфобласттык лейкоз (кан рагы) оорусу жабыркап келет. Ага дарылануу үчүн чоң суммадагы каражат талап кылынууда.

Алияна Жумагулова бул оору менен 2 жылдан бери алып урушуп келет. Учурда жилигинин чучугун тез арада Турцияда алмаштыруу керек. Буга 130 000 $ каражаты талап кылынууда.

Куланак айылынын жаштары үймө үй кыдыруудан накталай 250 000 сом чогулган. Андан тышкары «Куланак ынтымагы» жаштар уюмунан акча которуу пландалууда.

 

Жана Рамазан айында чогулган фитир садака акчанын суммасы 43 246 миң сом болгон. Бул акчанын 40% пайызы казыятка которулат. Ушул сумманын 60% пайызы 25 946 миң сом болду. Бул акчанын 23 000 сомун Бекен кызы Алиянага которулган.

29-Апрель Бекен кызы Алияна кызыбызга арналган Кайрымдуулук концертине катышып берүүңүздөрдү өтүнөбүз.
Концерт Нарын облустук драма театрында өтүлөт.
Белгилүү ырчы, бийчилер коштойт концертти.
Концерт көрүп көңүл ачуу менен бирге соопчулук кыла кетиңиздер.
Билет баасы болгону
3️⃣0️⃣0️⃣ сом.
Мекендештер баарыңыздарды концерттен күтөбүз.
Кайдыгер карабайлы мусулман бир — туугандар.
Бизге ар бир сатылуучу билет баалуу болуп турат — деп уюштуруу тобу кызмат көрсөтүүдө

Ал эми 23 апрелге атасы Бекенге 21 000$ ( доллар) чогулган.

Дарыланууга кетүүчү каражаттын суммасы жетишсиз болгондуктан, кайрымдуу элибизге жардам  сурап ата — энеси, туугандары кол сунат.

 

Куланак медиа