“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Жеңиш күнүнө карата физика канаасынын ачылышы болду

10 Май 2023 жыл 23:19
Көрүүлөрдүн саны: 30

Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы А.Аралбаев атындагы орто мектебинде 9 — май Улуу Жеңиш күнүнө карата чакан линейка өттү. Иш-чара Улуу Ата — Мекендик согуштун катышуучусу, согуш ардагери, физика мугалими Кемел Токтогазиевдин жаркын элесине арналды.

Кемел Токтогазиев тирүү болгондо 100 жашка чыкмак. 2022 — жылдын октябрь айында агайдын жаркын элесине арналып куран окулуп, мектепте эскерүү кечеси өткөн. Кечеде агайдын уулу Жумабек Токтогазиев   К.Токтогазиев атындагы автордук физика канаасын толук ремонттон өткөрүп берүү сунушу менен мектеп жамаатына кайрылган.

Физика канаасы

Бүгүнкү күндө физика кабинети толугу менен ремонттон өткөрүлүп, 9 — май күнү физика канаасынын ачылыш аземи

Лента кесүү учуру

 

жана Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына карата 8 — классы тарабынан уюшулган чакан линейка өттү. Линейкада К. Токтогазиевдин өмүр жолу, эмгеги даңкталып, жеңиш ырлары ырдалды.

Чакан линейкада согуш ардагерлери эскерилип куран окулду.  Жеңиш ырлары ырдалып, согуш мезгилин чагылдарган чакан сценка ойношту.

Аталган мектептин физика мугалими Майрам Аалыбаева төмөнкүлөргө токтолду:

«Окуу жылдын башында К.Токтогазиев атабыздын балдары 9 — майга физика кабинетин заманбап, жасалгалап беришерин айтышкан. Кабинетке 2 шкаф, парта стулдары, доскасы, терезе жабуулары менен бардыгын жаңыртып, жабдуулап беришти. Бул да болсо балдардын терең билим алуусуна шарттардын түзүлүшү эң жакшы жөрөлгө. Атабыздын урпактарына мектеп жамаатынын, окуучулардын жана жеке өзүмдүн атыман терең ыраазылчылык билдирем».

 

Кемел Токтогазиевдин өмүр жолу

Кемел Токтогазиев 1922 – жылы Тянь – Шань районуна караштуу Куланак айылында туулган. Айылдан окуусун бүткөндөн кийин 1939 – жылы Киргоспединститут алдындагы даярдоо курсуна кирип, ийгиликтүү бүтүргөн. 1941 – жылы декабрь айында Советтик армияга чакырылып, 1945 – жылдын декабрь айында Куланак айылына кайтып келген. Согуштан кийин өзүнүн алгачкы кесиби мугалимдик ксибин улантат. 1953 – жылы Киргоспединститтун физика адиси боюнча окууну бүтүрүп келип,Нарын шаарындагы мугалимдер институтуна окуутучу болуп кирет. 1955 – жылы Токтогул атындагы орто мектепке директор болуп дайындалат. 1962 – жылы Нарын шаарындагы Крупская орто мектебинде директор болуп иштейт. 1980 – жылы Куланак айылындагы Куланак орто мектебине (А.Аралбаев) директорлук кызматка дайындалып, жиберилет.
КПССтин мүчөсү, Кыргыз ССРинин жана СССРдин “Эл агартуусунун отличниги”, Эмгектин жана согуштун бир нече медалдарынын ээси.
Өмүрлүк жолдошу Султангазиева Шарипа менен 8 баланы тарбиялашкан. 2013 – жылы 15 – ноябрда 91 жаш курагында көз жумган.

 

Даткайым Орозакунова