“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Экологияны коргоого чакырган ыктыярчылар

27 Май 2023 жыл 10:48
Көрүүлөрдүн саны: 45

Нарын районуна караштуу Эчки — Башы айылында жогорку класстын окуучулары үчүн экологиялык көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору боюнча «ECO-BIZ» аттуу семинар тренинг болуп өттү.

Нарын районунун мектептер арасында тандоо туруу онлайн өткөрүлүп, сынактан жеңип чыккан гана 20 окуучу семинар тренингге катышууга мүмкүнчүлүк алышкан. Семинарга катышкан окуучуларды мектептен мугалимдери кошо жетектеп келишти.

Ар бир берилген тапшырмаларды топтор арасында туура так аткарылып жатты

Топтор арасында жеңүүчүлөр кызыктыруучу белектерге ээ болушту

Онлайн жолугушуу

 

Программада кызыктуу фактылар жана далилдер менен окуучулар өздөрү кошо иштешип жатышты.

программанын экинчи бөлүгүндө спикерлер сөз алды. Алардын бири
«Экодеми» коомдук фондунун Нарын облусундагы төрайымы жана жеке ишкер Салтанат Турдубаева төмөндөгүлөргө токтолду:

«Жаштардын экология кайдыгер эмес экени мени абдан кубантып олтурат. Берилген ар бир тапшырманы жоопкерчилик менен аткарышып, өз алдынча болобу топ менен болобу абдан кызыгуу менен аткаргандыры бул да жоопкерчилик деп билем. Абдан соонун долбоор экен. Бир гана айылда калып калбастан бүтүндөй районго жайылса абдан жакшы болчудай. Ар ким өзүнүн жашоосуна таза жерине да таза анан дүйнө жүзү да таза болчудай. Менин презентациям таштандыны кайра иштетүү болчу. Таштанды кантип кайра иштетип берүү. М: желим бөтөлкөндөн ар кандай курулуш материалдары, брусчатка чыгат. Жеген тамак калдыктарын таштанды катары таштап салбастан, кайра эле сырьё катары колдонсо болот деген маалыматтарды бердим. Ошондой эле таштандыны топторго бөлүп чогултуу, таштандыларды акча кылса болооруна . Таштанды эмес кайра иштетүү менен керек пайдалуу иш кылса болооруна үндөдүм».

Жусуп Иманалиев мектебинин химик биолог мугалими Элмира Жумаева «Эко — Биз» долбоорунда экологиялык көйгөйлөрдү чечүү боюнча презентация жасады.

Элмира эже окуучулары менен

«Биздин презентация «Фито лампа» деп аталат. Фито — бул кыргызча тирүү организм дегенди билдирет. Лампа — бул жасалма жарыктандыруучу прибор. Нарын жергесинде кышкысын өтө катуу суук, кыш да узакка созулат. Жазда өтө кеч келип, жер али тоң. Күндүн жылуулугу жетишсиз, ошондуктан биз жарыкты жетиштүү жылуу кылуу максатында фито — лампаны колдонууну сунуш кылабыз. Анткени гүл, көчөт өстүрүүдө фито — лампа абдан натыйжалуу жардам берет. Себеби бул жарыкты чачыратпайт, бир багытта берет. 2 түрдүү гана жарык чыгарат. Кызыл, көк. Экөө кошулганда мала кызыл түз чыгат. Кызыл нур жылуулук берет. Көк нур өсүмдүктөргө кыймыл берет. Фито — лампа энергияны үнөмдөйт, көлөмү кичинекей, узакка иштейт. 1 күндө 10 саат жарык берет Эч кандай зыяндуулугу жок. үйдүн абасын кургатпайт, ысытпайт, 10- 12 саат жарык берсе жетиштүү болот. түнкүсүн өчүрүү керек. Себеби тирүү организмдердей эле көчөттөр, гүлдөр дагы эс алыш керек. Натыйжада кадимкидей күндүн алдында көчөттөр: помидор, бадыраң кандай өссө, фито — лампанын алдында деле өзүн бактылуу сезип, минималдуу жарыкта эле жарыкты жетиштүү алал алат. Жыш гүлдөп, жыш мөмөлөйт. »
Бул семинарды уюштуруучу  Айжан Аманова FLEX программасы аркылуу АКШда 2021-2022ж. окуп келген


«ECO-BIZ бул GYSD деп аталган гранттык программанын алкагында Америкалык Кеңештери тарабынан жарым жартылай каржыланган долбоор.
Долбоор  Эчки-Башы айылында Нарын районунун жогорку классынын окуучулары үчүн экологиялык көйгөйлөр менен кабардар кылуу жана аларды чечүүгө шыктандыруу максатында өтүлдү.
Долбоор өзүнө тажрыйбалуу спикерлерди, эко-активисттерди, кызыктуу тапшырмаларды жана эко-конкурстарды камтыды.

Семинар окуучулар үчүн жаңы таанышуу, тажрыйба чогултуу жана кызыктуу маалымат чогултуу болду.

Даткайым Орозакунова