“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Айылдын кээ бир аймактарында электр жарыгы жок

6 Июнь 2023 жыл 21:22
Көрүүлөрдүн саны: 30

Куланак айылында катуу шамалдан улам электр жарыгы өчүп, оңдоо иштери жүрмөйүн күйбөйт. Себеби коюлган зым карагайлардын иштөө мөөнөттөрү бүткөндүгүнө байланыштуу кайра алмаштырууга муктаж.

Бүгүнкү күндө айылдын 3 трансформаторуна ток зымдары тартылбагандыкдан БСР, Куң – Булуң, 10 сарай чөлкөмүнүн жашоочулары 27 – майдан бери жарыгы жок, муздаткычтары иштен чыгып, айылдаш тургундарынан жардам сураганга муктаж.

Чыракка шише табуу кыйындыкка турду. Себеби элдин баары күн чыракка өтүп кеткендиктен сатыкка чыкпай калыптыр

«Башта жарыкты 3 күндө күйөт деп күткөнбүз. Муздаткычтагы азыктардын көбү жараксыз абалга келди. Айла жок эт азыктарын сактап калуу үчүн айылдагы тааныштардын муздаткычтарына алып барып салганга туура келди. Биз айылдан алыс жашагандыктан, азык алып келип ташыган кыйындыкка туруп жатат. Чайды самоорго кайнатып, тамакты казанга жасап калдык. Бирок эт такыр эле сакталбайт экен» — дейт 10 сарай чөлкөмүнүн тургуну Гулнара.


Бул боюнча айылдын электр энергия боюнча адиси Кылыч Тостоков буларга токтолду:
«Тянь – Шань » РЭСи тарабынан 2021 – жылдын иш планына зым карагайларды кайра алмаштыруу боюнча иштер кирген. 2022 – жылы Таштанбек көчөсүнүн зым карагайлары алмаштырылды. БСР, Куң – Булуң, 10 сарай трансформаторлоруна азыркы учурда зым тартылууда. 27 – майда катуу шамалдын кесепетинен свет жалпы өчкөн. Бирок Куланак айылына жарык берилген, 10 сарайдын свети эртеси күйгүзүлгөн. Кайра эле зым карагайларды алмаштыруу үчүн 29 – майда өчүрүлгөн. Бүгүнкү күндө 24 зым карагайын «Тянь – Шань» РЭСи тарабынан алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Бул карагайлар 1963 – жылы коюлган. 60 жылдан бери эскилиги жетип калган. Кичине шамал болсо жарык жетпей жатканы да ушундан. Себеби эскилиги жеткен зым карагайга чыгып оңдоо да өтө кооптуу. Бул чөлкөмдүн жарыгын бергенден кийин Бак – Терек аймагынын зым карагайларын жаңыртуу пландалууда.

Даткайым Орозакунова

Токтоян айылынын тургундары кубаттуу электр жарыгына муктаж

Видео:Жайлоого чакан ГЭС куруп алган Жеңишбек