“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Малды союп жана ичин тазалап кызмат көрсөткөн ишкер

2 Июль 2023 жыл 19:09
Көрүүлөрдүн саны: 74

Бүгүнкү күндө билим алган кесибинде эмес түрдүү себептер менен башка адистикте эмгектенгендер көп. Алардын бири Куланак айылынын тургуну Медер Тааалайбеков. Мал союу, устукандоо, ичеги карынды тазалоо сыяктуу бир канча кызматты бирдей көрсөткөн кызматтын тандагандар арбын.

Кыргыз эли мал менен алектенгендиктен бул кесипти аркалагандарга суроо-талап жогору. Конок тоскондо эт тартуу чакырылган коноктун саны канча болбосун баарына устакандарды жеткизүү алардын милдети. Заман менен кошо коом өзгөргөн мезгилде бул кесипти аркалагандарда дагы өзгөрүүлөр болууда. Башта малды жакшы сойгон жана этин жакшы устакан адам бар болгон болсо, андан кийин этти жакшы бышырганы, этти устукандап эл астына жеткизгени адам керек болчу. Учурда ушул кызматты баарын бир эле адам жасап, жада калса ич эттери менен кошо өздөрү тазалап беришет.


МедерТаалайбек уулу 1993 – жылы Нарын районуна караштуу Куланак айылында төрөлгөн. Ал 2017 – жылдан бери бул кесипти аркалап келет. Алгач Бишкек шаарына барып, жумуштун жоктугунан тааныштары аркылуу бойныйда (мал сойгон жай) иштеген. Бул жактан касапчылык кесипти 6 ай дегенде толугу менен үйрөнүп ошол күндөн тарта “касапчы” деген кесипке ээ болуп иштеп келет.Медер бул кесиптин оорчулугу кышында сезилерин айтат:


“Башта мал эле сойчумун. Кардарлар иче карынды кошо эле артып бересиңби деп сурангандарында эмнеге артса болбойт экен деп эле өзүм арта баштагам. Башта кыйынчылыктар болуп жүрдү. Бирок бат эле үйрөнүп кеттим. Негизи кычыраган кышта мал союу өтө оор. Себеби ичеги карын муздак сууга тазаланат. Антпесе жыдып кетет. Бирок Нарында бодо мал кышкысы көп союлат. Жок кышында иштебейм десең ишенчиликтен кетип каласың. Сага ишенип келип жаткандан кийин милдетин алууга туура келет. Үйрөнүп алган кесибим жагат. Себеби көп кишинин батасын аласың, көп киши менен иштешесиң, кааласаң иш аласың”.
Медер бул кызматты көрсөтүү үчун өзүнө команда топтоп алган. Айылдан барган жаш балдардын көбүнө уста болуп касапчылык кесип менен бирге иче карын тазалаганды жумушсуз жаштарга үйрөткөн:


“Шаарда иштеген ыңгайлуу. Мал союучу жайларда бардык шарттары бар. Айылда иштеген бир аз кыйыныраак. Суусун ташымай. Ичеги карындын ичиндегилерин төкчү жай алыс жана башка ушул сыяктуу жагдайлар көп кездешет. Бишкек шаарында иштегенде касапчыларга малды эле жетелеп келип берип, кайра бышкан этти алып кетишет. Же болбосо касапчыны кошо ала кетишет. Айылда болсо кызыктуу окуялар көп болот. Эркек балдардын иче карын арткандарына таң калуулар көп эле болду. Жеңелерге үйрөтөбүз, уйдун ичеги карынын артканды сурашат, той аштарда көрсөтүп коёбуз же чогуу артышабыз”.


Медердин айыл жергесине келип иштеши мал союуп саткан ишкер фермерлер үчүн жакшы болду. Себеби айылда касапчы көп болгону менен ичеги карынын кошо тазалап бергендер жок болчу. Учурда кардарлар касапчыга ичеги карынын кошо тазалап бергендерине буйрутма беришип, мал союуп саткандарга да ыңгайлуу тейлөө көргөзгөндөрдү тандап жатышат.

 

Айзат Түмөнбаева