“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Туура мамилелерди көрүп өскөн бала өзүн жана өзгөнү сыйлай билет

2 Июль 2023 жыл 19:04
Көрүүлөрдүн саны: 62

Акыркы жылдары балага туура кам көрүү же өстүрүү боюнча окуулар өтүлүп, санарип платформалар чыгып жатат. Бул балдарды жаш кезинен туура мамиле кылганга бакубат чоңоюшуна шарт түзөт.

Бир үй – бүлө болгондон кийин анда өсүп жаткан балдарга кам көрүүдө атанын да эненин да орду чоң. Куланак айлынын тургуну Калназар Арипов 4 баланын атасы. Ал жумушта жүрүп, бала менен дээрлик убакыт өткөрбөрүн ата-энелер үчүн окуудан соң баамдаганын айтат:
«Бала тарбиялоодо атанын орду чоң экен. Мен жаңы үйлөнгөндө эле мамлекеттик жумушка кирип эртең менен кетип, кечинде келип, көбүнчө тарбия апасына оодарылып калыптыр. Контордо семинар болуп жатыптыр, кирип катышып калдым. Негизи эле баланын жанынды чоң ата, чоң эне, анда санда да барып турганга таята таэнеси бар болсо бул балага ошол кишилердин билгенин берсе ошонун баары чоң тарбия экен.
Бала өстүрүүдө аларга сөз менен гана тарбиялабастан аны көрсөтүп, кошо жасоо жана үлгү болуу баарынан таасирдүү деп эсептейт:
Бала курсактан баштап ата – эненин мээримин сезет экен.Бала менен сүйлөшүп маектешүү да маанилүү. Өзүнүн каталарын айтса, мен мындай кылып жатыптырмын, мындай кылыш керек экен десе ошонун баары тарбия».

Учурда Калназар Ариповдун 2 уул 2 кызы бар. “Ата МЕНен” долбоорунан алган билимин турмушта колдонуп, балдарына туура мамилелрди көргөзүп бакубат үй- бүлө курганга умтуларын айтат:
«Окуудан өткөндөн кийин балага деген оюм такыр өзгөрдү. Балага 3 жашка чейин жакшы тарбия бериш керек экен. 3 жашка чейин бербеген тарбия бербеген мээрим бул баланыкы кеч болуп калат экен. Бала тарбиялоодо баланын чөйрөсү чоң таасир этет . Ар тараптуу тарбия алган бала өзүн сыйлай өзгөнү дай сыйлай билген бала болуп чоңоёт экен».
«Эл аралык Роза Отунбаеванын демилгеси коомдук фондунун» аткаруучу директору Доктургүл Кендирбаева “АтаМЕНен” долбоорунун алкагында Учкун айыл аймагынын тургундар үчүн семинар, мастер кластарды өтүп келет. Айыл тургундарына «3 жаштан кийин кеч «аттуу санарип платформасы менен тааныштырып, балага инвестиция кылуунун маанисин кенири түшүндүргөнгө аракет кылды:
«Ата энелердин балдарды тарбиялоодо, айрыкча аталардын балдарды тарбиялоо процессин багыттоо боюнча мастер класстар өтүлдү. Эгерде буга чейин балага жасалган мамилени багуу деп түшүнүп келсек, мен ойлойм бүгүнкү катышкандардын баары ата – эне баланы өнүктүрүүнүн үстүнөн да иштей баштайт деп. Ата – эне бала тарбиялоодо максаттуу түрдө пайдаланылбай жаткандарына өздөрүнө баа беришип далилдешти».
“АтаМЕНен” долбоору балдардын өнүгүшүнө аталардын катышуусун жогорулатуу максатын көздөйт.

 

Айзат Түмөнбаева